www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү Орусия газга болгон баанын чегин киргизсе, жооп чараларын көрүп, ага жооп катары көгүлтүр отун берүүнү толугу менен токтотушу мүмкүн деп кооптонушат. Бул тууралуу Financial Times Евробиримдиктеги булактарына таянып жазып чыкты.

Басылманын айтымында, Евробиримдиктин кеминде он өлкөсү бардык жеткирүүчүлөр үчүн жалпы чектөөлөрдү колдойт. Белгиленгендей, өкмөттөр Орусия үчүн гана чектөөлөр «Москванын кыжырын келтириши мүмкүн» деп кооптонушат. Андай мамлекеттердин ичинен Греция, Италия жана Польша, Венгрия, Австрия, Нидерландия кандайдыр бир чектөөлөргө каршы экени белгиленген.

«Чынын айтсам, Орусия жооп кайтарышы мүмкүн», - деди басылмага Грециянын премьер-министринин энергетика боюнча башкы кеңешчиси Никос Цафос.

Басылма белгилегендей, орус газына гана баанын чегин киргизүү үчүн Евробиримдикке мүчө бардык 27 өлкөнүн макулдугу талап кылынат, ал эми квалификациялуу көпчүлүк жалпы чектөөнү кабыл алуу үчүн жетиштүү болот.

Италиянын экологиялык модернизация жана трансформация министри Роберто Синголани жалпы чектөөлөрдү жактап, «акылга сыярлык бааны» талап кылды. Евробиримдиктин атын атабаган жогорку даражалуу аткаминерлеринин бири басылмага газ берүү токтотулса, «баары домино эффектисинен коркушат» деп билдирди.

«Эгер сиз орус газына гана бааны чектей турган болсоңуз, анда бул башка жеткирүүчүлөргө эч кандай таасир этпейт жана Орусиянын ачуусу келет. Мисалы, орус газын импорттобогон Португалия шайлоочуларга эмне дейт?», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости