www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан Орусиянын ВТБ, «Россия», «Открытие», Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ деп аталган банктарынын баарын өчүрдү. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий журналында жарыяланды.

Евробиримдиктин жетекчилиги ошондой эле Европалык каржылык институттарды орусиялык банктарга евро банкнотторун сатууга тыюу салды.

Буга чейин АКШ жана Европа Биримдиги орусиялыкбанктарга санкция салынганын билдиришкен. Алардын катарындагы Сбербанк SWIFT системасынан өчүрүлгөн-өчүрүлбөгөнү белгисиз. Буга чейин Сбербанк өзү Европа рыногунан толук кетерин маалымдаган.

SWIFT аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алышат. Бул системага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына беш миллиарддай кат алмашылат. Системаны Евробиримдиктин мүчөсү Белгиядагы компаниялар башкарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости