www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды мамлекеттик желектин 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө төраганын куттуктоосунун толук текстин келтиребиз:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүн мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн даңазалаган символубуз болгон Кыргызстандын мамлекеттик туусуна 30 жыл толуп олтурат. Бул майрам кыргыз жарандарын патриоттуулукка тарбиялоо жана мамлекеттик символдорун урматтоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жөнүндөгү" № 270 жарлыгына ылайык белгиленген.

1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туубуз Кыргыз Республикасынын Жогорку советинин токтому менен бекитилген. 1992-жылдын 5-мартында борборубуздагы Өкмөт үйүндө алгачкы жолу көтөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосунда кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичинде кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Кызыл түс каармандыкты, ал эми алтын түстөгү күн алкагы тынчтык менен байлыкты билдирет.

Мамлекеттик туу бул биздин улуттук сыймыгыбыз жана символубуз катарында ар бир кыргызстандыктын Ата мекенге болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин ойготуп турат. Туубуз ошондой эле эгемендүүлүктүн атрибуту катарында Кыргыз элинин биримдигин бекемдөө менен муундан-муунга татыктуу өткөрүлүп келет. Биздин ар бирибиздин ыйык милдетибиз аны көздүн карегиндей сактап, бийик көтөрүү.

Ылайым, ачык асман алдында мамлекеттик туубуз бийиктиктерде желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгө берсин!"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости