www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, аталган районго караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ЖаңыТурмуш айылында жайланышкан, муниципалдык менчиктеги 24 млн 592 миң сомго бааланган, аянты 0,18 га жер тилкесине эч кандай укук аныктоочу документтери жок туруп, Б.А. аттуу жарандын жеке менчик укугун мыйзамсыз каттап, мамлекеттик акт бергени тастыкталды.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337- беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости