www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын кесепетинен Европа өлкөлөрүнүн ыркы кетип, ич ара бири-бирине болгон нааразычылыктар өөрчүп кетти. Мындан улам, Россияга салына турган санкциялар боюнча орток пикир жок, араларында тил табыша алышпай араздашкандар арбыды. 

Башкача айтканда, Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн пикир келишпестикке Россияга салынган санкциялардын кесепетинен өздөрү зыян тартып, экономикалык оор кырдаалды баштан кечирип, кымбатчылык, инфляция өсүп кеткени себеп болууда. Ошол эле кезде, Украинага жөнөтүлгөн ири финансылык колдоо жана эбегейсиз көлөмдөгү курал-жарактардын натыйжалуулугу боюнча майнаптуу жыйынтык жоктугу Киевге жардам көрсөтүүгө болгон нааразычылыктарга түрткү берүүдө. 

Буга байланыштуу, өлө албай жатып өлөң айткандай болбойлу дештиби, же "этиң тургай табагыңды таап ал" болгон туңгуюк абалда болгондуктанбы, Евробиримдикке кирген өлкөлөр былтыркы жылдын февралынан тарта Россияга каршы санкциялардын 11 пакетин кабыл алгандай батылдыкка бара албай жатышат. Быйылкы жаңы чектөөлөр октябрь-ноябрда кабыл алынат деп божомолдонгон. Бирок барган сайын убактысы созулуп, ЕБ өлкөлөрүнүн ортосундагы нааразычылык күчөп жатат.

Россияга каршы бир тараптуу санкция киргизүү ыргагынын кечеңдеп жатышы тууралуу Россиянын ЕБдеги туруктуу өкүлүнүн милдетин аткарып жаткан Кирилл Логвиновдун "европалыктар антироссиялык чектөөлөрдөн чарчадыбы" деген соболго берген жообун РИА Новости жазды.

"Чарчады деп айтпайт элем. Анткени мунун баары ар өлкөнүн жүргүзгөн саясатына байланыштуу нерсе. Санкциялык кысым, менимче, Евробиримдиктеги пикир келишпестиктен улам жайлап жатат. Брюсселге да нааразычылык бар, мындан тышкары, мамлекеттер өз ара да араздашууда", — деди Логинов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости