www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Еврокомиссия Facebookˈту монополияга каршы мыйзамдарды бузууга шектеп, текшерүүгө алууну көздөөдө. Бул тууралуу «Файнэншл таймс» гезитине шилтеме келтирип, ru.euronews.com жазды.
Маалыматка ылайык, Брюссель компаниянын интернет-сатуу тармагы боюнча текшерүү жүргүзүүгө даярданууда.
«Басылма билдиргендей, Евробиримдиктин расмий адамдары Facebook менен анын атаандаштарына тиешелүү анкеталарды жөнөткөн. Анын максаты америкалык гигант атаандаштарына бут тосуп-тоспогонун, бизнес-жарыяларды жайгаштыруу эрежелерин бузуп-бузбаганын аныктоо», — деп жазат сайт.
Азырынча Facebook Евробиримдик антимонополиялык иликтөө жүргүзбөгөн жалгыз ири америкалык технологиялык компания болууда. Буга чейин Microsoft, Amazon ж.б. компаниялар текшерүүгө алынган.
Булак: NazarNews.kg