www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чекарадагы айрым жарандарга курал беру тууралу мыйзам долбоору талкууланууда. Эгер сиздердин сунуш өтүп калса, анда мыйзамдарга кандай өзгөртүүлөр кирет?

- Биз «Чек арага ыйгарым укук өкүлдөрү» деген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштадык. Ал тоуктоолорго ылайык, чек ара аймагында жашаган жарандартын арасынан тандалгандарга, башкача айтканда, чек арага ыйгарым укук алгандарга курал берүү жагын карап жатабыз.

- Ал жарандар куралды кайсы учурларда колдоно алышат?

- Эгер башка мамлекет тарабынан аскердик агрессия же куралдуу жаңжал чыкса, мамлекеттик органдар тарабынан чек ара ыйгарым укуктууларга ок атуучу аскердик курал аныкталган тартипте берилиши керек деп жатабыз.

- Аларды окутуу, тандоо тартиптери да каралганбы? Дегеним, коомчулукта бул тууралуу эки ача пикирлер пайда болууда...

- Алар жылына 2-3 жолу окутулуп турат. Ал эми аларга мамлекет аскерлерге каралгандай кепилдикти берүүсү каралган. Курал физикалык, психологиялык жактан текшерүүдөн өткөндөргө жана аскер адамдары менен кызматташып жүргөндөргө гана берилет. Бул чек арада жашаган элдин баарына курал таратылат дегенди түшүндүрбөйт. Буга чейин да чек аралаш айылдарда мурда аскерде кызмат өтөгөн же маалыматы бар адамдар биздин тийешелүү органдар менен кызматташып келген. Бул мыйзамдын негизинде алардын укуктары кеңейтилет.

- Демек, тынч учурларда курал жарандарда эмес, мамлекетте сакталат экен да?

- Ооба, тынч убактарда куралдар чек ара заставасында кармалып турат. Качан гана агрессиялык абал жаралса, ошондо чек араны коргоого жардам берүү үчүн берилет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости