www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик баш калаасынын эл аралык аэропортундагы жүздөгөн жүргүнчүнүн нааразылыгынан кийин тажик бийлиги «Северный ветер» авиакомпанясына Дүйшөмбүдөн Орусияга бир нече авикаттам жүргүзүүгө уруксат берди.

Аэропорттун басма сөз кызматы 27-майда билдиргендей, алдыңкы күнү Иркутск жана Казанга каттамдар учту. Ошол рейстердин жүргүнчүлөрү эмне үчүн каттамдар кечигип жатканын түшүндүрүүнү талап кылып, бир жумадан бери Орусияга уча албай жатканына нааразы болушкан. Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси маселени чечүүгө убада берген.

Өткөн аптада агенттик билеттин баасы өтө кымбат деп «Северный ветер» авиакомпаниясынын лицензиясын кайтарып алган. Тажикстандан Орусияга туруктуу рейстер бир жылдан кийин, 1-апрелде жанданган.

26-майда кыргыз бийлиги "Манас" эл аралык аэропторуна учуп келген "Сомон Эйр" компаниясынын учагын 200дөй жүргүнчүсү менен Дүйшөмбүгө кайра жөнөттү. 21-майдан тарта Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости