www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариев күбө катары сурак берип чыкты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары 27-майда да сурак берип чыкты. Бул маалыматты өзү айрым маалымат булактарына тастыктап, бирок чоо-жайын толук айткан жок.

Бир күн мурун да суракка чакырылганын жергиликтүү маалымат каражаттарына Аскер прокуратурасындагы жеке булактар маалымдаган.

Кумтөргө байланыштуу кылмыш иштерин териштирип жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети азырынча Сариевдин суракка чакырылганын төгүндөй элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыларын билдирген эле.

Ушул айдын башында парламент "Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алып, ал 14-майда күчүнө кирди.

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда "Кумтөр Голд" компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. 

"Центерра Голд" ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин билдирген жана "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости