www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа - 50 жаштан 70 жашка чейинки аялзатына мүнөздүү

Европа –салкын мүнөз, дүйнөгө терең көз караш менен караган. Керт баштын гана камын ойлогон, меркантилдүү. Турмушка башы бышып, айла –амалды үйрөнө баштаган, сарамжалдуу, башкаларды таң кылган, эскирген сөздү сүйлөгөн баналдуу. Анын мээсин оңой менен киши айланта албайт.

Жылуулук денелерден тарай элек,

Сагынтып аптаптуу кез ысыктарды.

Менчиктеп бул турмушта бир адамды,

Мелүүндөп өмүр-жашоо кысып дагы.

 

Кызыгы кайда калды бул жашоонун,

Кыздарың чоңоюшкан төшүн керип.

Байлаган башын бирге жубайы да,

Башкага көзүн артып, өзүн жерип.

 

Оокатка бүйрө болуп сарамжалдуу,

Жашоонун мыйзамында кете берүү...

Сын тага жарашыктуу кийинишкен,

Сымбаттуу бой көтөргөн текебердүү.

Оо, Аялзат, улуусуң да, сулуусуң!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости