www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө 104 өлкөдө коронавирустун чыкканы аныкталды. Вирус 109 миңден ашык адамга жуккан.
Жыйында 10-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталбаганы, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экени айтылды.
Республикалык штаб коронавирус инфекциясын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында жакынкы арада көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөй турууну катуу эскертет.
Жыйындын катышуучуларына Бишкекке келген Diamond Princess саякат кемесиндеги Кыргыз Республикасынын жаранынан коронавируска анализ алынып, ал таза чыкканы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Стамбулдан дене табы көтөрүлүп келген кыргызстандыктан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан анализ алынган. Анда коронавирустун белгилери чыккан эмес. Иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, бул жарандар 14 күндүк карантинге алынат, анын 13чү күнүндө алардан кайра анализ алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрацияларга жергиликтүү деңгээлдеги бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоону уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.
Штабдын мүчөлөрү айрым жарандарга Кыргыз Республикасында коронавирус бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү менен элди дүрбөтпөөнү эскертип, социалдык түйүндөрдө жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого, мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырышты.
Булак: NazarNews.kg