www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда түрмөдөгү 200дөй адам ачкачылык жарыялады

Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 10-мартта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков билдирди.

Анын айтымында, 9-мартта №1, №16, №19 жана №25 мекемелерде отурган 200дөй соттолгон адам сот жана прокуратурадан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарды аткарууда алардын конституциялык укугун коргоп берүүнү талап кылышкан.

Жаза аткаруу кызматы мунапыс мыйзамына ылайык алардын ишин кайра карап чыгуу тууралуу арыз менен 2019-жылы тиешелүү мекемелерге кайрылганын, бирок соттор аны канааттандыруудан баш тартып койгонун, андыктан ачкачылык жарыялоо негизсиз экенин билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 347 адам бар.

2019-жылы Кыргызстанда жазык мыйзамдары өзгөртүлгөн.

Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"

 

Последние новости