Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү/Европа комиссиясынын вице-төрагасы Ж. Боррелдин катышуусу менен Европа Биримдиги-Борбор Азия форматында видеоконференция өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Видеоконференциянын жүрүшүндө тараптар Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө колдонулуп жаткан чаралар, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча кенен пикир алышуу болгон.
Министрликтен белгилешкендей, видеоконференцияда Борбор Азия аймагын Европа менен байланыштыруучу транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү маселелери талкууланган. Бул контексттен алганда кыргыз тарап Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө чыгуучу Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Грузиянын аймагы боюнча өтүүчү жаңы транспорттук коридордун ачылышы тууралуу маалымат берген.
Европа тарап ЕБ-БА форматында бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө ар тараптан жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.