www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 19-март күнү Базар-Коргон районунун 1989-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, ал өз арызында 2020-жылдын январь айынан баштап  “Ислам”  жана  “Өткүр” аттуу балдар телефон аркылуу байланышып, опузалап акча талап кылгандыгын айтып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү сураган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИББинин КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 203-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен жазык иши боюнча сотко чейинки  өндүрүш иши башталган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, “Өткүр” деп аталган шектүү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон  районунун 1994-жылы туулган тургуну, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон Жаныбек уулу Майсалбек экендиги такталган.

Ал эми “Ислам” аттуу бала Базар-Коргон районунун 1993-жылы туулган тургуну Зухриддинов Исломбек Дилшодбекович (каймана ысымы Кабан) экендиги аныкталган.

 

2020-жылдын 22-май күнү Жалал-Абад ОИИБинин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн, Ноокен РИИБинин КМКнын жана Жалал-Абад областы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Кочкор-Ата шаарынан Жаныбек уулу Майсалбек жана Зухриддинов Исломбек Дилшодбекович кармалган.

Нет описания.

Бирок, 2020-жылдын 24-май күнү Кыргыз Республикасынын ЖКнин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен тергелип жаткан жазык иши боюнча аталган шектүүлөр Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан үй камагына чыгарылып жиберилген. 

2020-жылдын 11-июнь күнү бул окуяга шектүү катары кармалган Базар-Коргон районунун тургундары Жаныбек уулу Майсалбек жана Зухриддинов Исломбек Дилшодбекович аттуу жарандардын баш коргоо чарасы Жалал-Абад облустук сотунда каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып алынды.

КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган дагы бир жаран буга чейин Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан кармалган.

2020-жылдын 10-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына караштуу талаада А.А. аттуу жаранды Б.Б. жана башка шериктери менен “Сен зонанын акчаларын жеп коюптурсуң” деп ур-токмокко алышып, денесине жараат келтиришкен. 

Аталган факты Сузак РИИБинин КЖБРине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин оперкызматкерлерине тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун тургуну 1975-жылы туулган Баратов Баходир Хусанович (каймана ысымы Калла) кармалып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынган.

Жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары кармалган жарандандардан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБинин Нөөмөт бөлүмүнө (03722-7-05-30) же 0553 33 33 04 номерине байланышууну милиция өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости