www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Комиссиясы, жасалма акыл тармагындагы (изилдөө-өнүктүрүү) Ar-Ge программаларына 2020-жылга чейин 1,5 миллиард евролук инвестиция салат.

Европа Комиссиясы, мүчө өлкөлөрдө жасалма акыл тармагында инвестициялардын артуусу жана атаандаштыктын күчтөнүүсүнө карай чара көрүүлөрүн билдирди.

Буга ылайык, Европа Биримдигинин илимий изилдөө, өнүктүрүү жана инновация долбоорлоруна колдоо көрсөтүү үчүн түзгөн Хоризон-2020 программасында, жасалма акыл тармагына 1,5 миллиард евролук инвестиция салат.

Бул каражат аркылуу транспорт жана саламаттык сактоо сыяктуу маанилүү секторлордо жасалма акылдын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүлөт.

Бир тараптан Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр жасалма акыл тармагына жылына жалпы 4 миллиард доллардай каражат бөлсө, ошол эле учурда АКШдагы инвестиция 20 миллиард доллардан ашууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости