www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Достор” баяны...
Атамбаев кандай критерий, кандай купуя тактикалык үмүт менен Сооронбай Жээнбековду президенттикке сүрөдү бул жеке анын абийринде кала берчү маселе. Президентикке талапкер С. Жээнбековдун шайлоодон баары бир жеңип чыгаарына, женип чыккандан кийин ал экс-президенттин “ляппайдан” башканы айтпаган жүгөндөлүү лашкери, чийилген чийинден чыкпаган көч улантуучусу болооруна 100 пайыз ишенген божомолдор өлкөдө бир топ арбын болчу. Президентикти өткөрүп бергенден кийинки кыйлага созулган тыныгуудан соң А.Атамбаевдин маалымат жыйын өткөрүшү, ал маалымат жыйында өзү сүрөгөн Сокесине кайра эле өзүнүн ич күптүсүн айтуусу - эки ортодо кандайдыр келишпестик болгонунан, кетчү жарака кеткенинен кабар берген. Коопсуздук кеңешинин жыйынында С.Жээнбековдун коррупция боюнча айткан сынына Атамбаевдин чок баскандай туталанып, “..астындагы кагазды карабай эле ой келди сүйлөй береби” деп ,бүгүнкү президентти эмне кылып жатканын өзү билбеген аңкоо-чалыш неме катары сыпаттаганы, Бишкек ТЭЦиндеги былыктын башында Жээнбеков өзү турган деп жылжыткан кыйытмасы, ага жооп катары учурдагы Президенттин Басма сөз кызматы дароо жооп кайтарып, контр-аргументтер менен мат-жүрүш жасап Атамбаевге карата “..ал киши эмоционалдуукка алдырып сүйлөй берчү адаты бар эмеспи, туура эле түшүнөбүз..” маанисиндеги чымчыма реплика коштогон билдирүүсү “достордун” жолу эки айрылышка түшкөнүн ого бетер ачыктап салды. Андан ары “Соке-достун” чар тарабынан курчаган Фарид Ниязов, Алмаз Усенов, Болот Суюмбаев, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Улан Исраилов сыяктуу атамбаевдик-кадрлар биринен сала бири “чык эшикке!” деген шамалдын шапатасы менен кызматтарынан шыпырылып түшүштү. Калк ичинде, саясый чөйрөдө баары бир Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы “сдпкчыл ысык” мамиленин биротоло банкрот болгонуна ишенкиребей “..балким бул тек гана экөөнүн мурдатан ойлонулган амалдуу спектакли болушу мүмкүн..” деген астейдил чочулоо каалгып туруп алды. Качан гана КСДПнын резиденцияга белгиленген жыйынына мурункудай күргүштөгөн эл-журт агылып барбай, саналуу гана партиялаштар чогулган сенек көрүнүш тунжураганда; экс-президенттин оң колу, бөркүндөй ишенген көк көздүү, сары баласы Сапар Исаков отчетун көтөрүп Парламенттин астына келип башка фракциялар мындай калсын КСДП фракциясындагы депутаттардын теңинен көбү мурункудай “Атамбаев эмине дейт..” деп кылчактап отурбай, өкүмат башчысын кызматынан четтетүүгө активдүү добуш берип салганда гана Атамбаевдик башкаруунун кет-кети кульминациялык чекитке жетип, Жээнбековдун саясый кел-кели башталганы ошондо көпчүлүккө түшүнүктүү болду...
Өзү да, көзү да, сөзү да жакшы экен,... ишичи?
Президенттин тегерегиндеги кадрлардын кескин алмашуусу, Сапар Исаков башында турган өкмөт кетип, президенттин сунушу менен жаңы премьер-министрдин дайындалышы,.. бул процесстердин баарынын чордонунда, өзөгүндө - президент турат, бул учурдагы факт. Саясый тараптар, саясый күчтөр мындан аркы мамилесин, тигил же бул маселедеги жоопкерчиликти Сооронбай Жээнбековго карай, ал ишенип колдоп бергиле деген жаңы өкмөткө карай багыттаганы , ошо жакка карап түздөнгөнү - бул бир эсе саясый мыйзам ченемдүүлүк. Саясый, экономикалык, идеологиялык маселелерди чечүүдө, кадр маселесинде, тышкы саясаттагы мамилелерде өз алдынча чечим чыгаруунун ордуна улам-улам Кой-Таштагы “аталыктын” короосуна кирип-чыгып “эмне кылсам туура болот?” деп ийилип кеңеш сурап турган кош-бийликтин курмандыгы болуу - өзүн өзү өлтүрүү менен барабар экендигин президент Сооронбай Жээнбеков өз акылы менен түшүндүбү, же ага түшүндүрүштүбү, айтор саясый кадам таштоодо, жоопкерчилик алууда арыдан бери болууну тандаганы өлкө үчүн да, саясый тараптар үчүн да кыйла ынгайлуу болду.
Жаңы шайланып келген президенттин алгачкы кадамдары кандай болоору, анын баскан-тургандары, а түгүл кийинген-эткени элдин кызыгуусун арттырып, калк жаңы башчыдан кандайдыр оригиналдуу, а түгүл идеалдуу максаттардын ишке ашуусун күтөөрү белгилүү. Акаев шайланганда да, Бакиев шайланганда да, Атамбаев шайланганда да логикадан тыш кандайдыр кереметтерди, мурунку-кийинки көнүмүштүктөрдү кайталабаган бей-стандарт кадамдарды, Манасчыл, Ататүркчүл, Ли Кан Юучул батыл реформаларды үмүт менен күтүшкөн эле, эми мына Сооронбай Жээнбековдун тушунда да карапайым калктын карапайым үмүтү үлбүрөп үзүлбөгөн бойдон келе жатат. Шартылдап жакшы басат экен, олуттуу сүйлөйт экен, кастимди жакшы киет экен, бою да узун экен деген алкоолор президенттин сырткы формасына карата айтылып жаткан убактылуу комплименттер, мындай параметрлерге суктануунун да убакты-сааты бүтөөрүнө аз калды, “элдин жашоосу жакшырдыбы, айлык-маяна көтөрүлдүбү, жумуш орундары түзүлдүбү, ишканалар салындыбы, сот реформасы кантти, сөз эркиндиги эмне болду, оппозицияга болгон мамиле кандай, чек аралар проблемасы эмне болду, экономиканын денгээлин кантип калды..” деген суроолорго конкреттүү жооптор талап кылына баштайт.
Кооз сүйлөө, кооз басуу, кооз кийинүү маселелери жагынан президенттин жанында кандай профессионалдуу пиар-адистери иштебесин, мейли алардын сапаттуу пиарынын натыйжасында президент элге кандай сүйкүм көрүнбөсүн, өлкөнүн бечел экономикасын көтөрүү боюнча кимдир бирөөлөр план-стратегия түзүп ойлонуп, шымалана жеңин түрүнүп, “момундай иштерди жасайлы, мобул жол менен кетели..” деген конкреттүү пландарды иштеп чыгып күпүлдөп баштоосу керек болот. Андай ишти аткара алат деп президент Сооронбай Жээнбековдун премьерликке ишеним арткан кишиси Абулгазиев болду. Мурунку өкмөт чыныгы турмуштан алыс, планшет тиктеген “балдардын өкмөтү” делинсе, бул өкмөттүн курамы мурунку курамдын эле 50 %ын түзгөн “чалдардын өкмөтү” болуп калганын айтып сындап чыккан депутаттар болду. Азыркы өкмөт экономикалык батыл кадамдарды жасап элдин ишениминде үмүт жараткан өкүмөт болуп бере алабы, же айрым сынчылар айткандай, жакшы да, жаман да иш кылбаган, алдыга да, артка да жылбаган өкүмөт боюнча жашап өтөбү – бул эми мезгилдин иши.
Сооронбай Жээнбеков кимдин президенти?
Атамбаевге байланбаган өз алдынча жолду тандаган кадамынан кийин Сооронбай Жээнбековду “атамбаевге каршылардын” армиясына жылып баратабы деген шек-күмөн менен карагандар болууда. А кишинин ички ниетинде эмне бар экенин ким билсин, бирок эгер чындап эле ошол жолду тандаган болсо ал жол деле аста-секиндеп “харакириликке” жетелеп, акыры барып аңга кулатчу жол. Анткени буга чейинки президенттердин шорун катырган мандем да мына ошол жол эле, ал жол - бардык тарапка калыс мамиле кыла албаган, бүт саясий күчтөрдүн ортосунда арбитр боло албаган, өз жана өзгө деп өзүнүн кызыкчылыгына түздөнтүп бир кездеги досторун да, кастарын да кагыштырып-чабыштырып каалашынча бөлүп-жарган президенттердин жолу экенин унутпоого тийиш. “КСДП деген корооңду эстен чыгарба, бизди карай жүр!”- деп кыйкырышат Атамбаевдин айланасындагы калың топ. “Абактагы Текебаев, Жапаров сыяктууларга көңүл бур, соттордун тизгинин тартып кой!”- деп кол булгалашат оппозициялык жээктегилер. Көңүл үчүн бир туруп аны, бир туруп муну деле жасап баарына жагуу балким убактылуу жакшы көрүнүүдүр, бирок мындай амалкөйлүк деле жүрүп олтуруп президенттин башын жутуп тынат. Президент сотко тымызын буйрук бердиби, ал баары бир билинбей койбойт, билинген соң “мунуң деле мурункулардай турбайбы” деген тайраңдоо күч алат, андыктан кандай саясый чоң же майда соттук иштер болсун чечимди сот чыгарып, ошол чнчимге сот өзу жооп бергидей кырдаалдын түзүлгөну оң. Сот Текебаевди абактан чыгарууну өзү калыс чечтиби, демек ага кийлигишпе, сот кокус эртең Абулгазиевди акча жеди деп камоо чечимин кабыл алдыбы, кийлигишпе. Президент эл көзүнө бирди сүйлөп, эл жокто тар чөйрөдөгү “өзгө” адамдар менен акчага, байлыкка туйтунунун миң сандаган жолун издесе, кайсы майлуу тармактарды кантип өз кишилери аркылуу ченгээлдеп калуунун аракетин көрүп жүрүп олтурса, адилет, калыс сын айткандарды Сот, УКМК, Прокуратура, КТРК деген мамлекеттик машинанын күчү-сүрү менен жок кылууну көздөсө, анда эле ошол айлампа бир күнү ажонун өзүн кошо курмандык кылаарын практика көрсөтүп келе жатат.
Президент Сооронбай Жээнбековдо учурда өтө бир жакшы шанс турат, ал шанс – элди, саясый тараптарды бириктирүү, ынтымакташтыруу шансы. Ак үйдө, парламентте, жогорку окуу жайларда, мектептерде, ишканаларда, бизнесте, мындан башка көп-көп тармактарда саясаттын айынан алигиче “акайыпчы, бакийипчи., атамбайыпчы” деп бөлүнүп-жарылган, эмгекти ошол принципке карап баалаган тенденцияны жоготууга жан үрөбөсө, мамлекетти мамлекет катары консолидациялоого аракеттенбесе: чукулашкан, бир бирин аңга түртүшкөн, көзүнчө мактап, көзү жокто көргө көмө салышкан жапайы ээн ооздугубуз экономиканын биротоло тыптыйпыл болушуна, темселеп жүрүп мамлекетти жоготуп акыры кайсы бир чон өлкөнүн этегин кармап, ага кошулуп кетүүдөн башка аргасы жок бечара Кыргызстандын тагдырын көздөй барууга түртөт. Ошондуктан президент С.Жээнбеков - Атамбаев колдоп-сүрөп койгону үчүн эле Атамбаевке милдеткер президент эмес, же Кара-Кулжанын, кайсы бир группалаш, классташтарынын, досторунун, туугандарынын, же болбосо оппозициялык топтордун президенти эмес, бүтүндөй КЫРГЫЗ деген журттун, мамлекеттин президенти экенин көкүрөгүнө тумар кылып түйүп, өзү айтмакчы “...анттын тузу, жүгү оор болоорун” унутпоосу зарыл.
Эрнис Кыязов – журналист
Булак: NazarNews.kg