www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну («Ошэлектр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо» долбоору) жана «Ошэлектр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну жактырды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин маалыматына караганда, бул долбоорлор электр энергия менен камсыздоо тармагынын электр чубалгыларын жана трансформаторлорун жаңылоо, жаңы үлгүдөгү АСКУЭ эсептегичтерди сатып алуу жана орнотуу, электр тармактарын калыбына келтирүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 4 миллион евро көлөмүндө 1 пайыз үстөгү менен насыялык каражат жана 1 миллион евро гранттык каражат жана 850 миӊ евро гранттык техникалык жардам бөлүп берет. Насыялык каражат «Ошэлектр» ачык акционердик коомун рекредиттөөгө жумшалгандыктан, республикалык бюджетке күч келтирилбейт.

Улуттук энегохолдингдин башчысы Айбек Калиев насыя каражаты негизинен «акылдуу» эсептегичтерди орнотуп, электр энергиясын техникалык жана коммерциялык жоготууну кыскартуу эсебинен жабыла турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости