www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фатих Акындын «Солгун» аттуу кинотасмасынын башкы каарманы Диана Крюгер «Эң мыкты актриса» болду.

Францияда 18-майдан бери уланып келе жаткан Канн кинофестивалында сыйлыктар ээлерине тапшырылды.

Быйыл 70чиси уюштурулган Канн кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземи, Канн фестивалдар сарайында өткөрүлдү.

Аземде түрк тектүү немис режиссер Фатих Акындын «Солгун» (Кубарган) аттуу кинотасмасынын башкы каарманы Диана Крюгер «Эң мыкты актриса» болуп тандалды.

Кинодо Германиянын Гамбург шаарында жашаган жана бомбалуу кол салууда жолдошу менен баласынан ажыраган аялдын жашоосу чагылдырылган.

Фестивалдын «Алтын пальма» сыйлыгы швециялык режиссер Рубен Остлунддун «The Square» аттуу киносуна берилди.

Грек режиссер Йоргос Лантимостун «Mise à Mort du Cerf Sacré» аттуу киносу эң мыкты сценарий сыйлыгына татыктуу көрүлдү.

Калыстар тобунун атайын сыйлыгын да орусиялык режиссер Андрей Звягинцевдин «Нелюбов» кинотасмасы алды.

Грек режиссер Йоргос Лантимостун «Mise à Mort du Cerf Sacré» аттуу киносу эң мыкты сценарий сыйлыгына татыктуу көрүлдү.

Калыстар тобунун атайын сыйлыгын да орусиялык режиссер Андрей Звягинцевдин «Нелюбов» кинотасмасы алды.

Эң чоң сыйлыкка француз режиссер Робин Кампильонун «120 battements par minute» аттуу киносу татыктуу көрүлсө, эң мыкты режиссер сыйлыгы «Les proies» аттуу кинотасмасынан улам америкалык режиссер София Копполага берилди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости