www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жин адамга кандай учурларда кирет

Жин – бул оттон жаралып, жаныбардын, адамдын образына кире алган, атайын туруктуу формасы жок көзгө көрүнбөгөн кайып. Жиндер адамдарга өз алдынча зыян кылбайт, байкабастык менен ага тийишип алганда өч алыш үчүн адамдардын ичине кирип алышат.

Жин кирген адамдагы белгилер

1.  Кулагына азан айтылганда же куран окулганда жин кирген адам титирейт, кыйкырат, ыйлайт, жыгылат, же асманды, жан жагын карайт. Ошондой эле ичи ысып, жүрөгү сыгылып, куранды уккусу келбей сыртка чыккысы келе берет, же дем салганда тез-тезден эстеп баштайт.

2.  Күнүмдүк жашоосунда капаланып, кайгыра берет, жалгыздыкты жактырып, кыздар турмушка чыккысы келбей, эркектер үйлөнгүсү келбей баштайт. Айрымдарында жашоо кызыксыз болуп эч нерсеге көңүлү жок жата берет.

3. Себепсиз эле башы ооруп, эс тутуму начарлап куран аяттарын жаттай албайт. Жөндөн-жөн эле муундары титирейт, муну жанындагылар эле байкабаса, өзү билбейт.

Жиндердин даражалары

Жиндер аткарган жумушуна жараша даражаларга бөлүнөт:

Биринчиси - “Жинний”. Эң кичинекей мартаба, мындай абалда жин адамга эч бир зыян келтире албайт. Бирок адам эстегенде оозун колу менен жаппаса, жин ал адамга киргиси келип айланасында учуп жүрө берет.

Экинчиси - “Аамир”. Бул даражадагы жин адамдардын үйүндө жашап, алар менен кошо тамактанат. Эгер ким үйүнө “бысмылда” деп оң буту менен кирбесе, жин кошо кирип алардын тынч жашоосун бузуп, арам иштерди жасатат.

Үчүнчүсү - “Аруах”. Бул мартабадагы жин ымыркай балдардан баштап өспүрүмдөргө чейин зыян келтирет. Жаман түштөрдү көргөзүп, чочутат. Катуу чочуганда жүрөгүнө кирип алып туура жолдон адаштырат. Мисалы, бала туура эмес иш жасап ата-энеси урушса “Аруах” даражасындагы жин ага: “Уксус ичип албайсыңбы, муунуп албайсыңбы же машинага урунуп албайсыңбы? Сен аларга керегиң жок”, - деп аны жамандыкка үндөйт. Эгер бул даражадагы жиндин иши ишке аша турган болсо, ага Иблис (жин-шайтандардын башчысы) жогорку даражаны ыйгарат.

Төртүнчүсү - “Шайтан”. Бойго жеткен балдардан баштап кары-картаңдарга чейин зыян келтирет. Шайтан - туура жолдон азгыруучу зат. Анын негизги максаты - адамдардын денесинде, кан тамырында жүрүп жаман жолго түшүрүү жана туура жолдо жүргөн адамдарды жек көргөзүү.

Бешинчиси - “Маарид” даражасындагы жиндер көзү ачыктар, бакшылар менен иштешет. Периштелердин келечек тууралуу сүйлөшкөндөрүн тыңшап, көзү ачыкка калпты кошуп жеткирет. Анан көзү ачыктардын айткандары чындыктай сезиле берет.

Алтынчысы - “Ифрит” мартабасындагы жин сыйкырчылар менен шериктеш. Аларга ысытмай, суутмай, сооданы токтотуучу, адамды оорутуучу же аны өлтүрө турган жана башка сыйкырларды үйрөтөт.

Жин кандай учурларда кирет?

1. Адам катуу сүйүнгөндө, катуу корккондо.

2. Тамактанар алдында “бысмылда” деген сөз айтылбаса, тамак менен кошо ичке кирип кетиши ыктымал.

3.  Жиндер чуңкур, аң, күл төккөн жерлерде жашагандыктан ошол жерлерге заара ушаткан адамга кирип кетиши мүмкүн. Анткени жин адамга ачууланып өч алыш үчүн кирип алат.

4. Эгер ысык сууну “бысмылда” дебей төксө, ошол жерде жин болсо чочуп кетип адамга кирип кетиши ыктымал.

5.  Ажаткана – жин-шайтандар көп байырлаган жай. Ал жакка баш кийимсиз киргенде баштагы уюктан, ал эми ажатканада отуруп сүйлөгөндө ооздон кирип кетиши мүмкүн. Ажатканага сол бут менен кирип, Аллахтын ысмы жана Куран жазылган эч нерсе алып кирбөө зарыл.

6.  Ал эми мончодо жылаңач денеге ашык болуп кирип алат.

7.  Базарлар - жин-шайтандар байрагын орноткон жай. Анткени ал жакта алдамчылык, арам иштер көп жасалат. Андыктан базарга биринчи болуп кирбөөгө жана акыркы болуп чыкпоого аракет кылуу керек.

8. Эч ким жашабаган үйдө жана ээн талааларда түнөгөндө кириши ыктымал.

9. Мазар, бейиттерде да кирип кетүү коркунучу бар.

Жинден сактоочу дубалар

Жаман түш көргөндө айтылуучу дуба: "Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим ва мин шарри хаазихир ру-йаа” (мааниси: Алла Тааланын жардамы менен каргышка калган шайтандан жана бул түштүн жамандыгынан сактанам).

Үйгө кирерде айтылуучу дуба: "Аллоохумма иннии ас-алука хойрол мавлажи ва хойрол махрожи бисмиллаахи валажнаа бисмиллаахи хорожнаа ва ъалаллоохи роббинаа таваккалнаа” (мааниси: Эй Алла, мен Сенден үйгө аман-эсен кирип-чыгууну сураймын. Биз Алланын аты менен үйгө киребиз, Алланын аты менен үйдөн чыгабыз. Биз Аллага гана тобокел кылабыз).

Үйдөн чыгарда айтылуучу дуба: "Бисмиллаахи таваккалту ъалал-лоохи лаа хавла ва лаа куввата илла биллаахи” (мааниси: Мен Алланын аты менен үйдөн чыктым жана Ага гана тобокел кылдым. Күнөөлөрүмдү кечирүүчү жана жакшылыкка күч-кубат берүүчү Аллах, туура багыттадың, камкордук кылдың жана зыяндуу нерселерден сакта).

Ачуу келгендеги дуба: "Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим” (мааниси: Аллахтын каарына калып, ташбараң кылынып айдалган шайтандан Аллах сактасын).

Мончого кирердеги дуба: “Аллах Таала, мен Сени менен жиндердин эркектери жана ургаачыларынан сактанам".

Ажатканага кирерде айтылуучу дуба: "Аллоохумма иннии аъуузу бика минал хубуси вал хобааиси" (мааниси: Эй Алла, мен Сенин гана жардамың менен зыяндуу жиндерден сактанам).

Ажатканадан чыгардагы дуба: "Гуфроонака Алхамдуу лиллаахиллазии азхаба ъаннил азаа ва ъаафаании" (мааниси: Менден зыянды кетирген жана мага саламаттыкты берген Алла үчүн бардык мактоолор болсун).

Булак: "lady.kg"

 

 

Последние новости