www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «2017-жылдын 7 декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну („Чыгышэлектр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, „Чыгышэлектр“ ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен „Чыгышэлектр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

«Чыгыш электр» ААКсы бөлүштүрүүдө 20% чейин жеткен өтө көп жоготууларды кошкондо төмөн эксплуатациялык мүнөздөмөгө ээ, ошондой эле эски жабдуунун иштөөсүнүн техникалык мөөнөтү аяктагандан кийин да иштешине байланыштуу үзгүлтүктөр көп. Аба чубалгыларынын көбү 1960-1970-жылдары аз чыңалууга ылайыкталып курулуп, учурдун талаптарына жооп бербейт.

Ошол себептен 2017-жылдын 7 декабрында Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда «Чыгыш электр» ААКсын жаңыртуу долбоору үчүн кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлган.

Макулдашуунун негизинде ЕРӨБ 6 млн. евро каражатын берет. Анын 4 миллиону — кредит, 2 млн. евросу — грант.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын долбоорунун алкагында долбоорду ишке ашырууга жана корпоративдик өнүктүрүү программасын киргизүүгө колдоо көрсөтүү түрүндө 1 млн еврого жакын техникалык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости