www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутатына тиешелүү компаниянын кеңселерине уурулар кол салышты деп басылмалар жазып чыгууда. Маалым болгондой, белгисиз адамдар компаниянын 3 кеңсесине 30-июлга караган түнү кирген.

Ишенимдүү булактардын айтымында, уурулар кеңселерге эшикти талкалап кирип, сейфтен болжол менен 65 миң доллар, 2,3 млн сом жана 10 миң долларга бааланган алтын жасалгаларды уурдап кетишкен.

Уурдоо фактысы болгонун Ош ШИИБ тастыктап, бирок тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн маалымат берилген жок. Учурда бул кылмышка байланыштуу ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости