www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада газдын баасы 3800 доллардан ашты

Европада газдын баасынын өсүүсү тездеп, бир миң куб метрине 3800 доллардан ашты. Бул тууралуу орусиялык Lenta.ru маалымат агенттиги жазды.

Журналисттер Лондондун ICE фондулук биржасынын маалыматына шилтеме жасап жатышат. Алынган маалыматка караганда, сооданын ачылышында бир миң куб метр газдын баасы 2366,8 долларды түзсө, бир нече мүнөттөн кийин 2700 долларга жетип, андан кийин 3800 долларга чейин көтөрүлүп кеткен.

Адистер мындай кескин өсүштү Европанын жер астындагы кампаларындагыкамдык (запастык)  толтуруунун деңгээлинин төмөндүгү, жеткирүүчүлөрдүн чектелүүлүгү жана Азияда суюлтулган газга болгон суроо-талаптын күчтүүлүгү менен байланыштырышууда.

Маалыматка караганда, Европа аймагында газдын миң куб метринин баасы биринчи жолу 2700 доллардан ашты. Эксперттер баанын көтөрүлүшүнө Украинадагы геосаясий кырдаалдан улам Орусиядан газдын келүүсүнөн кооптонуу түрткү болгонун айтышууда.

Бүгүн, 7-мартта Brent мунайынын баасы 2008-жылдан бери биринчи жолу бир баррелине 130 доллардан ашып, 2012-жылдагы эң жогорку чегинен ашканы маалымдалган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости