www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский Россия Федерациясына каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө, орус экспортуна бойкоттоого, атап айтканда, мунай жана мунай продуктуларынан баш тартууга, ошондой эле импортко бойкоттоого чакырды.

«Өнөктөштөр менен сүйлөшүүбүздөгү тезистерибиз таптакыр логикага ылайыктуу... Эгер басып алуу улана берсе жана Орусия Украинага каршы пландарынан баш тартпаса, анда жаңы санкциялар пакети керек. Жаңы санкциялар, согушка каршы жаңы санкциялар тынчтык үчүн. Орусиянын экспортуна бойкот жарыялоо, атап айтканда, Орусиядан мунай жана мунай продуктуларынан баш тартуу, муну эмбарго деп атоого болот... Орусияга импортко бойкот жарыялоо», - деп Зеленский өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

Белгилей кетсек, жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Путин аскердик операцияны токтотуу үчүн Киев Орусиянын бардык талаптарын аткарууга, ошондой эле орус аскерлерине каршы согуштук аракеттерди токтотууга тийиш экенин, болбосо аскердик операция аягына чейин улантыларын айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта өтөрү кабарланган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости