www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада газдын баасы асманды чапчыды

6-октябрда Европада 1 миң куб метр газдын биржалык баасы (Лондондогу ICE биржасында) 1700 долларга жетип, тарыхый максимумду жаңылады.

Еврокомиссия баанын кымбатташына энергоресурстарга болгон суроо-талаптын өсүшү себеп болгонун билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл суроо-талап акыркы 25 жылдагы максимумга жеткен.

Франция, Испания, Чехия, Грекия жана Румыния Европада газдын рекорддук кымбатташынын себептерин иликтөөгө чакырышты. Бул өлкөлөрдүн каржы министрлери Европа биримдиги (ЕБ) үчүн энергоресурстарга болгон баанын өзгөрүшүнө реакция кыла турган жалпы инструмент түзүүнү сунушташты. Министрлердин билдирүүсүндө ЕБ өлкөлөрү сүйлөшүүлөрдөгү өз кызыкчылыктарын күчөтүү үчүн газ сатып алууну координация кылышы керектиги жазылган.

Европада жаратылыш газы жайында кымбаттай баштаган. Мунун себептеринин бири катары 2020-жылы кыштын суук болгону жана жайкы аномалдык ысык айтылууда.

Европада жылуулук берүү башталган 1-октябрга карата газ сактоо жайлары болжол менен 70% гана толуп турган — бул 2011-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Былтыр бул маалда газ сактоо жайлары дээрлик 95% толуп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости