www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европадагы коронавирустун жаңы толкунуна байланыштуу чара көрүүгө үндөдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

ДССУ Европа бюросунун башчысы Ханс Клюге омикрон штаммынан улам Европада коронавируска чалдыгуу толкуну кайрадан башталганын билдирет. Ал Европа өлкөлөрүн калкты эмдөөнү көбөйтүүгө, ошондой эле кайрадан беткап тагынууга кайтууга чакырды.

ДССУнун маалыматы боюнча, коронавирустун омикрон штаммы дагы эле үстөмдүк кылууда. Акыркы алты жуманын ичинде Европа аймагында COVID-19дун жаңы учурларынын саны үч эсеге көбөйдү жана ошол эле мезгилде ооруканага жаткырылгандардын саны эки эсеге өстү. Уюм улгайган адамдардын арасында бейтаптардын саны өсүп жана Европада жума сайын үч миңге жакын адам COVID-19дан каза болуп жатканын белгилейт.

Бул өңүттө ДССУ COVID-19 үчүн күз-кыш стратегиясын сунуштоону чечти. Клюге белгилегендей, эгерде күзүндө аракет башталса, анда өтө кеч болуп калышы мүмкүн.

Уюмдун сунуштары төмөнкүлөрдү камтыйт:

- калктын эмдөө менен камтылышын жогорулатуу;
- вакцинанын акыркы дозасын алгандан үч айдан кийин беш жаштан жогорку курактагы иммунитети төмөндөп кеткен жана коркунуч тобундагы адамдарга экинчи жогорулатуучу дозаны саюу;
- имараттын ичинде жана коомдук транспортто беткап тагынууну өбөлгөлөө;
- эл көп чогулган жана коомдук жайларды (мектептерди, кеңселерди, коомдук унааны) желдетүү;
- Оорунун оор түрүнө чалдыккандар үчүн "катуу терапиялык протоколдорду" иштетүү.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү бир нече өлкөдө коронавирустун жаңы толкуну башталды. Бул "омикрон" штаммынын кезектеги мутациясы менен байланыштуу.

Эске салсак, коронавирус жуктургандар Кыргызстанда да көбөйүп жатканы айтылып, ооруканага түшкөндөр бар экени белгиленген.

Буга байланыштуу Республикалык штаб коронавирус жуктурган жаңы учурлар боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости