www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак делегациясы менен жолуккан Европарламенттин мүчөсү Ружа Тун адам укуктарын бузгандыгы үчүн Нур-Султанга каршы санкция киргизүү маселесин козгоду. Бул тууралуу депутат "Твиттерге" жазып, казак өкүлдөрүнө активисттерди куугунтуктоо тууралуу суроо бергенин айтты. Казакстандык алты мыйзам чыгаруучу 11-октябрда Брюсселде Европарламенттин депутаттары менен кездешкен.

Сапар тууралуу расмий маалымат өтө аз чыкты. Ружа Тун санкциялар тууралуу сентябрда Казакстандын укук министри Марат Бекетаев менен сөз кылганын, ага саясий куугунтукка кабылгандардын тизмесин тапшырганын билдирди.

Нур-Султандагы аткаминерлерге каршы санкциялар тууралуу Европарламентте февралда да Казакстандагы адам укуктарынын абалына арналган резолюция кабыл алынганда кеп болгон. Документ оппозицияны куугунтуктоону токтотууга, камактагы жарандык активисттерди бошотууга үндөгөн. Соңку айда диссидент Арон Атабек, активисттер Кенжебек Абишев, Алмат Жумагулов абактан кое берилген. Ошол эле маалда Алматы шаардык соту 13 активистке өкүм чыгарды.

Ал эми Брюсселге барып келген депутаттар "Азаттыктын" казак редациясынын кабарчыларынын бул маселе боюнча суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости