www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Шайлоо бир аз жеңилдегендей көрүнгөнү менен жөөттөрдүн эрежеси азыр да күчүндө», - деди бүгүн, 14-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Шайлоого партиялардын дагы деле көп катышаары партиялар таасирин жогото электигин көрсөтөбү?

- Азыркы шайлоо мурдагыларга караганда бир аз жеңилдеген сыяктуу көрүнгөнү менен, анын  эки вариантында тең такча суудай кетет. Дагы деле чыныгы идеясы бар, эл үчүн иштейм дегендер келе албайт. Партиялык система жоюла турган болсо, шайлоо эрежеси жеңилдеш керек эле.

Партиялар таасирин жоготкусу келбей, өздөрү ушундай конституцияны кабыл алса, анан ошондой болот да.

- Партиялык тизме менен кичи мекенинде колдоо таба албаган саясатчылар шайлоого аттанып жатабы же тескерисинче, колдоочусу көп саясатчылар ошентеби?

- Мен башынан эле депутаттардын бир аймакка байланып алганын колдобойм. Депутат деген жалпы кыргыз мамлекетине эмгеги сиңген адам болуш керек. Бир мандаттуу шайлоодон аймак чектелүү болуп калып атат да, туурабы?

Өз мекенинен колдоо таппай калды деген түшүнүк - болбогон түшүнүк. Менин оюма койсо, элдин тандоосун өтө жөнөкөйлөштүрүп, эч кандай каражат коротпой Жогорку Кеңешке келе турган мыйзам кабыл алмакмын. Ал чыныгы кесипкөйлөрдүн шайлоосу болмок. Шайлоо оңой өтүп кетпесе экен, жөнөкөй эл каруусун казык кылып, тишинин кирин соруп жүрө берсе экен деген жат эреже азыр да күчүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости