www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда киши колдуу болгон 31 жаштагы кыргызстандык келиндин өлүмүнүн чоо-жайын негизги шектүү болуп жаткан кайнатасы айтып берди. 

ЖМКлар буга чейин Текирдаг шаарында 65 жаштагы киши келинин бычактап өлтүрүп, денесин жашырууга аракет кылганын жазышкан. Келин шектүүнүн уулуна турмушка чыгып, эки баланы тарбиялап жаткан. 

Жергиликтүү Milliyet басылмасынын жазганына караганда, каргашалуу окуя 12-октябрда болгон. Шектүү Фехми Адсыз жубайын атайылап неберелери менен конокко жибергени айтылууда. 

Маалыматка караганда, экөө үйдө жалгыз калган кезде кайнатасы келинине неберелеримди жакшы карабайсың, аялым экөөбүзгө жакшы мамиле кылбайсың деп уруш чыгарган. Өзүнүн айтымында, келини каяша айтып, ошондон кийин ага бычак урган. 

"Келиним кыймылдабай калганда өлгөнүн түшүндүм. Сөөктү жоготуу максатында кескилеп салгам. Ал учурда аялым келип калды. Бардыгын билип калып, коңшулар менен бирге полиция чакыртты", — деди шектүү. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, Фехми Адсыз аялды алгач бычактап өлтүрүп, кийин денесин бензин менен иштөөчү араа менен араалап салган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости