www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эжекебиз “эси барында этегин жапса”,- дейбиз

“Атың чыкпаса жер өрттө”,- деген макал бекер жеринен чакпаптыр да деген ойдо ушул макаланы жазууга туура келди. Деги кыргыз элине жакшы бир акылдуу башчы келээр бекен деген ой баарыбызды ойлонтот. Эмне, утуру эле шайлоодо кыргыздар адашат, билбеймин? Эки эл башы качып жүрсө, бирөө – АШАбыз жемкорлукка малынып жатса, ал эми аял киши деген башчыбыздан бул “өнөр” чыкса, деги өзү эжекебизди 2011-жылы “өлкө башчы”,- деп коюшканда эле “ээри кыйшайган” экен. Анткени, ошондо өткөрүлгөн бүткүл элдик референдумга (добуш берүүгө) “Убактылуу Өкмөт башкарууга киргизилсин”,- деген эле текст бюллетенге кирген. Анан эле Президент шайланды,- деп коюшту. Эжекебиз кокусунан эле Президент болуп, бир жыл ашык өлкөнү мыйзамсыз башкарды. Эл да ошол мезгилде “кайталанма революциядан” тажап турган, андан пайдаланган бир ууч билерман элдин атынан өлкөнүн тагдырын Роза Исаковнанын колуна кармата салды. Бул бир жыл башкарып турсун, биз президенттикке даярданалы дешип… Эми мезгили келди, ошол Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Отунбаеванын учурундагы жана анын натыйжасындагы кийинки  башаламандыктарга жооп беришсин. Антпесе, сурак-сопкуту жок болуп, ар ким өзүн билип, өтүгүн төргө илген иштер көбөйүп кетти. Бул жакшылыкка алып барбайт!

Эми эжебиз тууралуу айтсак, бетинен сылай берип чарчадык. Тезинен Жогорку Кеңеште карап “экс” деген макамды алып салуу керек. Айтышкыдай, талашкыдай бул маселе “Сармерден” эмес. Ал кишини элдин атынан сүйлөтүштүн кереги жок. Ага ММКлардан, теле-радиодон орун бербеш керек. “Мен билем” деген түшүнүгү менен көп жамандык алып келгени калды. Же чет мамлекетке кетирип жибергиле.

Бул эжекебиз өзүн маданияттуу сезип эле эч кимди теңсинбей жатат. Анын “маданиятынын” кыргыз элине кереги жок. Өзүн “шаардыкмын” деп көргөзүү менен элди эки жикке бөлүп жатат. Шаардыктардан айланып кетсин! Сүйлөгөндө да башкаларды жекирип сүйлөп, өзүн шумдук “лидер” сезип калды. Жанагы “Отунбаеванын Фонду” дегенди да жолотпош керек. Ал акчалар  океандын ар жагынан белгилүү бир максаттар үчүн кыргызды бөлүп-жарганы, ынтымакты, мамлекеттүүлүктү талкалаганы  келип жаткан акчалар. Чет элдиктердин бизге таңуулаган “идеясы” Отунбаеванын басканда дабышынан, сүйлөгөндө тыбышынан сезилип турат. Анын кыргыз элине жат көрүнүштөрдү таңуулаганы эмнеси? Андан көрө өзү менен өзү болуп, ошол Америкасынабы же башкасынабы барып жашасын. Дагы, анын айткандарын эки жаат болуп талкуулагандарга күйөм… “Адам укугун коргойм” дегендерди “строгий учётко” алып,  алардын ишмердүүлүгүнө анализ жасай турган кез  келди. Бул сыяктуу көрүнүштөргө УКМК, ИИМ жана башка тиешелүү органдар көңүл бөлүшсө мындай жат нерселер кайталанбас эле,- деген ойдомун.

Аманилла САРЫЕВ, Кара-Кулжа району, эмгек ардагери.

Булак: “Жаңы Ордо” 

Последние новости