www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Анхра-Прадеш штатында 50 жаштагы тургун бир нече күн өзүн жаман сезип, сасык тумоонун белгилери пайда боло баштагандыктан, ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Daily Mail агенттиги билдирди.

Тирупати шаарынын дарыгерлери вирус лихорадкасы экенин тастыкташкан. Ошондой эле, Индияда бир эле окуя катталганын, ал дагы башка штатта экенин айтып, коронавирустан коркуунун кажети жок экенин айтышкан.

Бирок киши дарыгерлерге ишенбестен, бир күндүн ичинде коронавирус оорусу тууралуу видеолорду көрүп, натыйжада айыкпас ооруга кабылганын түшүнөт.

Киши үйүнө келип, жакындарын такыр жанына жолоткон эмес. Алар жанына жакындаганда эле таш менен уруп кубалаган. Андан кийин ал апасы көмүлгөн мүрзөгө барып өз жанын кыйып салган. Тилекке каршы туугандары аны сактап кала алышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости