www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-ШОК! Жеңиш Разаков журналисттерди алдап шылдыңга калды

Мурдагы вице-премьер министр Жеңиш Разаков сотко бир нече жансакчы менен келип, журналистер "эмне себептен 5-6 жансакчы менен келдиңиз" деген суроо бергенде ал минтип жооп берди.  “Охранам жок менде! Ким айтты силерге? Охранам жок, адвокаттарым бар менде. Мага охрананын эмне кереги бар? Мен "потерпевший" болсом бир жөн эле, эч нерседен коркпойм, кудайга шүгүр!”,-деп жооп кайтарган.

Бирок, иш жүзүндө андай болгон жок. Разаковду 7 киши коштоп жүргөнүн видеодон көрүүгө болот. Бирөөсү күрмөсүн кийгизсе, экинчиси унаасынын эшигин ачып берген.

Белгилей кетсек бүгүн, 14-февралда Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук уктуруу уланган. Мына ушул сотко Жеңиш Разаков дагы катышкан.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости