www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шинжаң-Уйгур автоном облусунда туулуп-өскөн Фатима аттуу айым, 20 жыл мурун зордук-зомбулукка чыдабай өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда 6 балалуу. Үй-бүлөөсү менен Сауд Арабияда жашайт. Балдарынын бири лагерде кармалып калган, аны менен бирге бир туугандары дагы "саясый тарбия лагерде" турат.

--Менин Шинжаңдын борборунда эки кабат үйүм бар болчу. Үйдү сатып келгенге жетише алган жокмун, бирок үйдү сатканга акым жок, бул үй мамлекеттики деп сатканга уруксаат беришпейт, болгону тирүү чыгып кеткенибизге кубандык. Ал жакта эч кимдин жеке менчиги жок.  Өзүнүн буюмун дагы өзүмдүкү дей албайсың.

--Эмнеге?

--Мамлекеттик полиция элдерди каттуу кармашат. Сен телефонго канча единица салдың ошого чейин маалымат берип турушуң керек, көзөмөл өтө күч. Үн көтөрүп сүйлөсөң, куугунтукка алынып, лагерден орун аласың. Балаңды бирөө өлтүрүп кетип, эшигиңдин астына таштап койсо, “ким өлтүрдү?”, дегенге акың жок.

--«WhatsApp» же болбосо кандайдыр бир социалдык түйүндөрдү колдоно аласыздарбы?

--Жок ал жакта баары чектелүү. Менин эки бир тууганым жана уулум лагерде, алар менен сүйлөшпөгөнүмө 6 жылдын жүзү болду. Эгерде алар менен интернет менен байланышып койсом, аларгы дагы 3 жылды кошуп коюшат.

--“Саясый тарбия лагеринен” чыккан жарандар барбы?

--Албетте, көпчүлүгү жашы өтүп калгандар. Бирок алардын лагерден чыкканы менен пайдасы жок, ишке жараксыз болуп, ички органдары чирип, көп өтпөй эле каза болуп калышат. Айрымдарынын көздөрү агып түшүп калгандары да болгон. Ал жака эч ким түшпөсүн, тамак бир күндө бир жолу берилет, ажаатканага күнүнө бир жолу эле барганга мүмкүнчүлүк бар. Чачы узун, сулуу кыздарды бир күн пайдаланышат, дагы алып келип камап салышат. Эгерде алардын боюна бүтүп калса, аборт жасайт же даары-дармектер менен баласын түшүрүп салышат.  Лагерге түшкөн кыздарга төрөгөнгө болбойт. Лагерге түшкөн келиндердин боюнда 7 же 9 айлык болсо дагы аборт жасатып салышат.

--Балаңызды кайра көрүү мүмкүнчүлүгү барбы?

--Жок, мен аны кайра көрбөймүн.

--Кайра Шинжаңга бара турган оюңуз барбы?

--Барбайбыз, үй-бүлөм менен ушул жактамын. Жакында Түркияга кетебиз, балдарымды окутамын. Бул жакта качкындардын балдарын жогорку окуу жайларга окутпайт, бизнес кылып ишкана ача турган болсоң 80% пайыз жергиликтүү тургундарды гана жумушка алганга туура келет.

--Бизде качкындар бат жоголот дедиңиз...

--Ооба, кечээ жакында эле 60 дан ашуун адамдар жоголуп кетти. Угушума караганда чет өлкөгө алып чыгып кеткен деп айтып жатышат. Жоголгондордун жашы 25 жаштан 35 жашка чейинки ишке жарамдуулар, кары-картаңдарга эч ким деле тийбейт. Эң өкүнүчтүүсү жоголгондордун көпчүлүгүн донор катары пайдаланышат экен, алардын органдарын тирүүлөй наркоз бербей кесип алышат. А биздин жашоо ушундай, тагдыры тайкы, өз үйүнө эмес үй-бүлөөсүнө ээ боло албаган бактысыз инсанбыз. Биздей качкындары көңүл буруп, кучак жайып тосуп алган Сауд Арабиянын бийлигине ыраазычылык, деди Фатима апа.

Аруужан Булекбаева, Сауд Арабия

Булак: NazarNews.kg

Последние новости