www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын ооруканаларында бейтаптарга жардам көрсөтүп жүргөн 1,7 миңден ашык дарыгер коронавирус жуктурган. Алардын ичинен алтоо каза болгонун «ТАСС» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 11-февралга карата дарыгерлер ооруп калган 1716 учур катталып, каза болгондор дагы бар. Ошондой эле Цзэн Исинь вирус жуктурган дарыгерлердин саны күндөн-күнгө өсүп жатканын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус 63,8 миң адамда катталды. Көз жумгандардын саны — 1380 адам, айыккандар — 6,7 адам.

Эске сала кетсек, коронавирустан каза болгондордун саны Кытайда дээрлик 1 500 гө жетсе, оорунун жуктургандардын саны дээрлик 64 000ди түздү.  

Ал эми  COVID-19дан  (коронавирустан)  айыккандар 6982ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости