www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таджикистандын Согдий облусунун ИИМдин бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Абдулло Навжувонов кызматка дайындалгандан кийин, 12-февралда биринчи пресс-конференциясында Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн Кыргызстан менен чектешкен чек ара маселеси терроризм жана экстремизм менен катар эле негизги көйгөй болуп саналарын билдирди. Бул тууралуу маалыматты Таджикстандын https://akhbor-rus.com/ сайты жазып чыкты.
2019-жылы Таджикистандын Согдий облусу менен Кыргызстандын Баткен облусу чектешкен чек арадагы 14 конфликтен 6 тажик жараны жана бир кыргыз жараны каза болгон. Ошондой эле, 60 дан ашуун адам жаракат алган.
“Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп анын айткан сөзүн “Спутник” жазып чыкты.
Генерал Навжувонов чек ара чыры боюнча 16 кылмыш иши козголгонун жана 27 Кыргызстандын жараны издөөгө алынганын айтты.
“Башка дагы кылмыштар бар. Урдоо жана бейбаштык. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы алар боло берет. Мындай кылмыштар бардык жерде бар, керек болсо Америка да дагы”, - деген генерал.
Булак: NazarNews.kg