www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя 2020-жылы апрель айында болгон . Эжем Эркайым 1997-жылкы болчу. Мектепти бүтүп ЖРТдан көп балл алып, кытай тилине тапшырган. Окууну бүткөн соң ал кытайлар менен иштеп калды. Ошентип жүрүп ал жакта бир бала менен таанышып аны жакшы көрүп, экөөнүн сүйүү сезимдери күчтүү болду. Эжем Баткенден, ал бала Оштон болчу. Эжем Ошто иштеп жүрүп бир күнү экөө үйлөнүү чечимине келишиптир. Той күнү белгиленди. Апам болсо “сен алыс жакка турмушка чыгып жатасың Эркайым сага кыйын болот. Эми күйөөң экөөң урушуп кетсенерчи? Узакка кетип жатасың ойлон”- деди. Эжем болсо “апа мен аны сүйөм, ал дагы мени сүйөт. Ооба алыс жерге тийип жатам бирок биз эч качан урушпай жашайбыз. Анткени сүйүүбүз күчтүү”- деди. Үйлөнүү той  Ошто абдан соонун өттү. Эжем ак көйнөк кийип суйкайган эң сулуу. Той бүттү. Арадан бир ай өткөндөн кийин эжем менен күйөөсүн конокко чакырдык. Алар бир күнгө эле келишти. Эжемди карасам өтө эле арыктап кетиптир.

Арадан 4 ай өттү. Апрель айынын 3 күнү түндөсү уйку жок, апамда уйкусу келбей олтурган. Бир маалда телефон чалуу келди. Эжем күйөөсү экөө урушуп, эжем өзүн-өзү өлтүрүп койгон экен.

Апам суук кабарды угаары менен эсин жоготуп, эжемдин сөөгүн алып келишип төркүнүнө жерге берилди. Эжемди мындай каламга баруусуна жездем экөөнүн ортосунда эмне болгону белгисиз, ушул кең дүйнөгө батпай эжем да өзүн-өзү өлтүрүп, ааламдан өтүп кетеберди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости