www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын жарандыгын алууну каалагандар үчүн бир нече талап коюлган, анын бири — мамлекеттик тилди, тагыраагы, өзбек тилин билүү керек. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

Бул "Жарандуулук жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясынын алкагында болмокчу.

15-сентябрдан тарта жарандык ала тургандар төмөнкү талаптарды аткарышы керек:

Жашоо үчүн акча табуунун мыйзамдуу булактары болушу шарт;

Өзбекстандын Конституциясын бузбашы керек;

Өзбек тилин билиши керек.

"Өзбекстан Республикасынын жарандыгын чет элдик же жарандыгы жоктор атуул болуш үчүн мамлекеттик тилди билип, аны колдонуп башкалар менен сүйлөшө алышы зарыл", — деп айтылган мыйзамдын түзөтүү бөлүгүндө.

Маалыматта анткен менен мыйзамга түзөтүүлөр 15-сентябрдан эртерээк эле киргизилип баштаганы айтылган. Жарандыгы жок туруп республика аймагында жашагандар атуулдук алуу укугуна 1-апрелден тарта ээ болгон.

Эске сала кетсек, Өзбекстан улуттук паспортту 1995-жылдан тартып бере баштаган.

Булак: NazarNewskg

Последние новости