www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-сентябрда “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуу ѳткѳрдү.
Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы менен тааныштырып өттү. “Эмне үчүн “Биримдик”? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Евразиялык интеграциянын артында биздин келечек турат деп айткан. Социалдык демократия - бул СССРге кайра кайтуу эмес, бул биздин басып өткөн жолубуз”, - деди ал.
Ал жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып, кайсы бир партия үчүн административдик ресурсту колдонбой, бардык партияларга бирдей шарттарды түзүп берүүгө, шайлоо ѳнѳктүктѳрүнүн жүрүшүнѳ кийлигишпѳѳгѳ чакырды.
Партиянын талапкери Улукбек Кочкоров учурда Кыргызстанда 47 жетимдер үйү, 17 карылар үйү бар экендигин айтып өттү. “Качан кыргыз тирүүлөй балдары туруп ата-энесин мамлекеттин кароосуна өткөрчү эле? 30 жылдык эгемендик тарыхыбызда биздин маданиятыбызга, салт-санаабызга жат нерселерди таңуулаганга аракет жасашты. Ошондуктан биз программаны иштеп чыгууда салтыбызга динибизге, үрп датыбызга кайтып, анын негизинде демократиялык социализм багытын тандадык”, - деди ал.
“Биздин программа Конституцияда жазылган укугуңуздарды ишке ашырууга багытталган программа. Кыргызстан социалдык мамлекет деп башкы мыйзамда жазылгандай, биз өлкөнүн экономикасын жанданта турган программаны даярдадык, экономиканы кѳтѳрүү үчүн Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүн колдоого алган механизмди сунуштап атабыз».
Жогорку Кеңештин вице-спикери, депуттыкка талапкер Аида Касымалиева “Биримдик” партиясы дыйкандардын, мугалимдердин, дарыгерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үнү», - деди. “Азыр үгүт иштери жүрүп жаткан учур, партиялар ар кайсы убадаларды берип жатышат. Мисалы, сүйүнчү пулдун өлчөмүн жогоролутабыз деп атышат. Мурдагы шайлоодо да ушунтип убада кылышкан, бирок учурдагы 4000 сомду биз киргизгенбиз. Ошондуктан биз куру убада берүүдөн алыспыз”, - деди ал.
Ошондой эле Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ Токтогулдан кыргыз маданиятына зор салымын кошкон инсандардын чыкканына токтолду. “Биримдик партиясынын программасында маданият тармагына чоң көңүл бурулган, анын алкагында райондо музейлер, маданият үйлөрү жанданат, туризм тармагы өнүктүрүлөт”, - деди ал.
Токтогул районунан депутаттыка талапкер Нурбек Тотонов да сөз сүйлөп, райондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн болгон күч аракетин жумшоого токтогулдуктарга убада берди.
Жолугушуунун аягында райондун аксакалдары баталарын беришип, талапкерлерге ийгилик, жеңиш каалашты.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.