www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Пекин шаарында жашаган жердешибиз Гүлайым  NazarNews агенттигине коронавирустан кантип сактануу керектигин жана кытайлык медиктердин айткан эрежелери жөнүндө кыргыздарга жасаган билдирүүсүн жөнөттү.

“Саламатсыздарбы мекендештер, мен Гүлайым, сиздерге Пекин шаарынан салам жолдойм.

Акыркы айларда баарыбызга белгилүү болгондой дүйнө жүзүн коронавирус каптап жаткан убагы. Карантин убагында мен дагы Пекин шаарында болуп бардык болгон нерсени, Кытай өкмөтү тараптан жасалган иштерди өз көзүм менен көрүп күбө болдум. Баарыңыздарга белгилүү болгондой Кытайдын Ухань шаарынан башталган вирустун жайылышын Кытай өлкөсү өз убагында эффективдүү чара көрүп Ухань шаарына карантин киргизип, эки айдын ичинде жуктурган учурду нөлгө түшүрдү.

Менин жеке оюм боюнча аз убакыттын ичинде вирусту жеңгенге себеп болгон факторлор, биринчиден, өкмөт тараптан жасалган тез жана туура кабыл алынган чаралар, медицина-санитардык жактан берилген рекомендациялар, бүт өлкө элине жетиштүү жана ачык болгон СМИ, статистиканын ачыктыгы, күн сайын атайын медицина специалисттеринин теле-брифингиндеги берилген кеңештери, акыркы информациялары, ар бир жарандын бийликтин айтканы менен болуп (кооперация) тартипти катуу кармап, жеке гигиеналык-санитардык эрежелерди туура сакташы. Ар бир жарандын коомго, жакындарына жоопкерчиликтүү мамилеси, жана башка эффективдүү чаралар.

Ошондуктан менин айтарым: бир дагы адам бул оору менден алыс, мага жолобойт деп тоготпогон мамилеси вирустун күндөн күнгө көбөйүшүнө гана алып келет, анын кесепеттери өтө кайгылуу болуп калышы мумкун. Мен жок дегенде берген кеңештерим элге аз болсо дагы сабак болуп, оору жуктурган учурдан сактап калса да, кичине салым болот деген максатта, Кытайдын медиктеринин кеңештерин сиздер менен бөлүшөйүн деп чечтим. Азыр карантин, баардык элдер өз үйлөрүнөн сыртка чыкпай отуурусу зарыл. Бирок зарыл иш менен же продуктыга чыкканга туура келет. Мисалы, биз сырттан киргенде кандай эрежелерди сакташыбыз керек?

1-чи: Бут кийимди дезинфекциялоо керек, эмне дегенде эшикте вирус алып жүргөн киши жерге тукурушу мүмкүн, аны биз бут кийим менен үйгө алып киребиз, бут кийимди чачыратуучу (спрей) антисептик же 75% теги спирт менен дезинфекциялоо керек;

2-чи: Кол капты чечип, колду кылдаттык менен болушунча кир самын (хозяйственное мыло) менен үстүдөн астыга агып турган кранга, вирус бактериялар суу мн агып кеткендей кылып жок дегенде 2-3минута жууш керек, билип коюнуздар, медиктер кайра кайра колду аябай таза шашпай таза жууш керек деп айтып жатышат. Эмне дегенде Кытайда кол аркылуу жуккан көп фактылар аныкталды. Мисалы, көбүнчө лифтте кнопканы басканда, эшиктин кармагычында, машинанын эшигинин кармагычында вирус отуруп калып, башкаларга жугушу мумкун.

3-чу: Колду жууп бүтүп, сырткы кийимди чечебиз. Сырткы кийимди туз эле балконго эчким тийбегендей кылып илип коёбуз, күн тийсе андан жакшы, эгер андай мумкунчулук болбосо эч ким тийбеген жерге коюп, ал кийимди 2-3 күндөн кийин кийсе болот.

4-чу: масканы чечебиз, бул жерде кылдаттык керек, масканын сыртына кол тийгизбей эки жактагы резинасын чечип ич жагына бүктөп коёбуз, сыртына тийбеш керек. Сыртына вирус отуруп калышы мумкун. Айтып кетчу нерсе, масканы ар бир 4 саатта алмаштырыш керек, мүмкүнчүлүк жок болсо анын (экономдоонун) дагы бир жолу бар: масканын ич жагына салфетка коюп тагынсаныздар масканы таза кармап суу болушунан сактап жыт пайда болушунан да сактайт. Бул кезде экономдош учун масканы дагы сырт кийимдей кылып балконго илип коюп, 3-4 күндөн кийин кайрадан колдонсо болот. Бирок эң туурасы бир колдонуп (4 саат) эле ыргыткан жакшы. Маска боюнча врачтардын рекомендациясы: сөссүз түрдө эл аралык стандартка жооп берген, сертификацияланган маска тагынуу керек. Мисалы: медицина-хирургиялык маскасы (3-х слойная), N95, 3M, KN95, KN94 стандарттагы маскалар. N95, 3M, KN95, KN94-бул маскалар калың болгону үчүн көбүрөөк убакыт колдонсо болот (суу кылбай таза абалда болгон аган кезде). Маска суу болуп калса, спирт чачыратсак же жууп койсок, маска өзүнүн коргоочу касиеттерин жоготот, ошондуктан кылдаттык менен колдонуу керек.

5-чи: Кайрадан колду жууйбуз, мүмкүнчүлүк болсо спирт гели менен колду дезинфекциялоо керек.

6-чы: Эшиктен алып келген продуктыларды мүмкүн болушунча пакеттерге салынган түрдө сатып алуу керек. Андан кийин пакеттерди ачып чоң идишке салып, баарын сууга салып хлор менен дезинфекцияласа болот. Бирок, карантин кезде бүт тамактарды бышырып, кайнатып, кууруп жеген туура, мүмкүн болушунча свежий салаттарды жебей турган туура, бирок, анын дагы жолдору бар. Мисалы, помидор, бадыраң, көк чөптү кайнак суудан өткөрүп, чайкап койсоң вирус өлөт. Вирус 50 градустан өйдө температурага туруштук бере албайт. Айтып кетиш керек, бул вирус абада 2-3 саатка чейин жашай алат. Сыйда нерсенин бетинде (пластик, телефон, айнек ж.б.) 4-5 суткага чейин жашай алат, кийимден жугушу минимально деп айтышууда.

Акыркысы: хлор менен кире бериш жактын полдорун жууш керек же спрей менен чачыратып кою зарыл, бирок карантин кезде күндө полдорду хлор менен бир сыйра жууп, экинчи сыйра таза суу менен жууш туура болот. Андан сырткары, үйдүн ичинде коркунучтуу жерлер булар: эшиктин ручкалары, кранник, унитаздын кулагы, телефондор, ушуга окшогон жерлерди тынбай спирт мн аарчып турган туура.

Дезинфекциялоо боюнча Пекиндеги практикаларды айта өтсөм: Үйлөрдө, коомдук жерлерде: лифт, эшиктин кармагычтары тынымсыз аарчылып турат, медиктер болушунча лифттке тушпой тепкич менен жөө чыкканга үгүттөшөт. Анткени лифт жабык жер, аба алмашпайт (закрытое помещение), лифттерде салфеткалар коюлган, ар бир киши кнопканы салфетка менен басып таштандыга ыргытып коет. Бирок, элдер көбүнчө өздөрү бир колдонулуучу перчатки кийип жүрүшөт, ал дагы кыйла деңгээлде сактайт, анан дворлор дезинфекцияланып турду.

Айтып кетсек метролордон жуккан факты аталган жок. Бул да болсо гигиена, санитариянын так аткарылышынын белгиси. Мындан тышкары, кол менен бетти кармалай бербеш керек. Вирус мурун, ооз, көз же кесилген тери аркылуу ички денеге кирип кетет. Эгерде кесилген жериңиз болсо, сөссүз түрдө аба өткөрбөгөн медициналык пластырь менен жаап коюш зарыл. Ошондуктан мен сиздерге айтаарым өзүңүз учун, үй-бүлөө, балдарыңыз, ата-эне жакындарыңыз үчүн санитардык эрежелерди так аткарсаңыздар ден-соолукта болуп, коомго да чоң салым кошосуздар.

Бул жолку COVID-19 башка оорудан айырмаланганы: сактаныш ар бир адамдын өз колунда, кудай да сактанганды сактайм дейт. Бут эрежелерди так аткарган адамга, физикалык контакт жок болсо вирус жукпайт. Экинчи айырмачылыгы, өтө тез жугуштуулугу, бир факт боюнча: бир адам маска кийбеген адамдан 15секундда вирусту жугузуп алган. Окумуштуулардын айтышы боюнча, COVID -19 башка вирустан айырмаланып, массасы оорураак келет, ошондуктан эгерде жугузган адам жөтөлүп же чүчкүрсө, ал адамдан дистанция кармаш керек же ошол моментте дем албай тез арада 5 метрге алысташ керек. Ошондуктан кийимден жугушу минималдуу, сыйда нерседен жугушу максималдуу деп айтышат. Ошон үчүн эч бириңиздер мага тиешеси жок деген мамиле менен карабаңыздар, баарыбызда ата-эне, балдарыбыз, жакындарыбыз бар. Практика боюнча, COVID -19 улгайган, өнөкөт (хронический) оорусу бар, иммунитети алсыз адамдарга чоң коркунуч алып келет.

Жакындарыбыздын ден-соолугу учун, коом, мамлекет учун баарыңыздарды санитардык эрежелерди так сактоого чакырам. Баарыныздар сак саламатта болуңуздар, эч кимиңиздер оорубаңыздар!”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости