www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда спортко кызыккан жаштарды дүйнөгө таанытууда болгон күч-аракетин жушмап келе жаткан “ЕРЕМ” спорт клубунун вице-президенти, спорттун эки түрүнүн чебери, Бокс боюнча дүйнөлүк чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына өлкөдөгү акыркы кырдаал үчүн баардыгыбыз биригип дуба кылалы деген билдирүүсүн айтып чыкты.

“Урматтуу кыргыз элим!

Азыркы кезде өлкөдө эле эмес, жалпы ааламда Аллах Тааланын сыноосу жүрүп жатат. Бул учурда баарыбыз бир билек, бир тилек болуп Жараткандан жакшылыктарды тилейли. Ушул кырдаалдарда карапайым калкка жардам колун сунуп, материалдык жардамдарды берип жатышкан агаларыбызга, замандаштарыбызга ыраазычылык билдирели.

Ошондой эле мамлекет башчыбызга, жетекчилерге, ак халатчандар жана тартип сакчыларга ыраазычылык айталы.

Мыйзам менен тартип жаңы жоболорго түшүнүү менен кабыл алып колдойлу.

Дартты берген  Жараткан дабасын да берет. Айтылган ар бир жакшы-жаман сөзүбүзгө периштелер “оомин” деп турат.

Демек, баардыгыбыз бүгүнкү күндө дени сак улут - жаркын келечек үчүн чогуу дуба кылалы”,-деп Шайлообек Атазов айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости