www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта "чабал өкмөт" деп сындап жаткандардын көбүнүн пикири туура. Кырдаалга жараша чечкиндүү кадамдарга бара албай жатканы айкын билинип жатат. Өкмөт, теледен түз эфир уюштуруп, күн санап өсүп бара жаткан коронавирусунун жайылышын жакшы маалымдап, анан ала чолодо "үйдөн чыкпагыла, биз жеңебиз" деп койгону болбосо, өлкөнүн эртеңкиси үчүн, алсырап турган коом үчүн, өзгөчө экономикалык абалыбыз боюнча ойлонгон деле жок окшойт.

Тышкы карыздын көбөйүп, чекке жетип, коомчулуктан корккон бийлик, карыз алуудан айбыгы турду эле, а кудай бердиби дейм, абалды "мындай бербес" дегенчелик карызды кай тарабынан болбосун ылгабай алууну көздөп жатышат. Ал турсун быйылкы төлөй турган тышкы карызды да кийинкиге калтырып турууну сунуштап жатышат.

Кудайга шүгүр, сырттан жардам катары деле жакшы эле акчалар келип жатат. Эл аралык Валюта фондунан бериле турган 13 миллион доллардын биринчи этабы келип түшүптүр. Казына такыр эле какшып калган эмес эле. Ал жакта деле акчалар бар болчу Эл бар экен, колу ачыктык кылып миллиондоп которгон бизнесмендер, 300 сомуна чейин салган кара таман калк деле болууда. Андан чогулган акчанын алды 100 миллиондон ашты. Компаниялар которгон акчалар деле аз болуп жаткан жок.

Ошого карабай, "жетпейт" дегенден башканы айтпаган бийлик, бүгүн бар мыдырыбызды саап эле жаткандай түр көрсөтөт. Орус-кыргыз фондундагы 250 миллион пайдаланылбай калган акчаны да мына ушул ылаң шылтоосу менен пайдаланууну көздөп жатышат. Каякка? Кимге? Эмнеге?

Коронавирусуңар азайган деле жок. Ак халатчандарыбыздын ачка отурганын, эптеп шам-шум этип иштеп жатышканын өздөрү айтышууда. Дарыгерлер өздөрү жуктуруп алган фактылар 40га жетти. Бул эмненин кесепетинен? Баардык шарттар түзүлүп берилбегендигинен. Тобокелге салып, бетин болгону бет кап менен эле жаап иш алып бара бергенинен го.

Элдердин көбү үйүндө эле олтурат. Керек болсо өкмөткө жардамын берип, ичкен ашынын жарымын жол тосмодогуларга алып барып берүүдө. Бул да чоң жардам.

Айлык акы берүнүн бир тобу токтоду. Ашыкча өкмөткө күч деле жок. Болгону жайылып бараткан вирусту алдын алуу керек. Эмнеге эле акча жетпей жатат? Күн санап карыз алуудан башканы айтпай жатасыңар?

Өкмөт ушул кезде Европа өнүктүрүү банкынан 150 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу боюнча иш алып барууда. Бул акчалардын ордун так көрсөтүү болобу? Эмнеге эле акча жетпей жатканын эл билсе болобу? Же шылтооңор эле коронавируспу?

Карыз ала бергенден мурун, Кыргызстандагы ашыкча чыгымдарды кыскартууну жолго койсоңор туура болбойт беле? Үлгү болуп Птезидент баш, өкмөт, министрлер, парламент төш болуп айлыгыңардан тышкары ашыкча алып жаткан ар кандай мамлекеттик социалдык колдоолордон, жеңилдиктерден, мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартсаңар болбойт беле? Көрсөтүлгөн айлык акыңарды го көргөнбүз. Аны да жашырып, өкмөт башы 49 миң сом, калгандары 30 миңге чейин көрсөткөнүңөр менен мына ушундай мамлекеттик колдоолордун арты менен артыңар 150 миң, алдыңар 300 миңге чейин айлык албайбыз деп айта аласыңарбы? Албетте, жок. Аласыңар. Бирөөнүн чөнтөгүнө, анын эмгек акысына сугуубузду артып жаткандан деле алыспыз. Алганыңар аш болсун. Бирок, бүгүнкү кырдаал өз элиңди үйүнө камап, 10 килодон урушуп жатып ун берип коюп, өзүңдүн олчойгон айлык акыңды адилеттик үчүн ашык деп койбосоң, ошону элге тегиз карап чечип бербесең, сенин журт багаар экениңдин эртең кимге кереги бар?

Миллиондоп айлык акы алган элчиликтер деле дым дебейт. "Кыргыз карыз алып көнүп калган, ала беришсин" дейби? Алар деле адилеттик үчүн, кырдаалды түшүнүп, айлык акыларын эл менен эптеп күн көрүп турганчалык деңгээлге эмнеге түшүрүшпөйт? Алар аппакпы? Аларсыз Кыргызстандын эртең күнү чыкпай, батпай калабы?

Маалыматтарга караганда жылына депутаттарга 720 (173 миллион деп жүрүшөт өздөрү) миллион сом акча сарпталат. "Анын баарын эле биз албайыз, айлык анан жалпы ЖКнын чыгымы"-деп актанып чыккандары болгон. Кимиси албасын, айтор ошолордун тегереги, ичкени, жегени, кагазы, каттамы, иш сапары, ал турсун вареньеси деп олтуруп ар бир депутат жылына 6 миллионго жакын акчанын "ап" этет экен. Бүгүн аларда ушундай зарылчылыктар барбы? Жок да. Баарын казынага кайтаруу керек. Жакында монгол Президенти: "мен элди багамбы же силерди багамбы?" деп өз парламентин таратып жиберди. Азамат экен. Кыйын кырдаалда бул өтө чечкиндүүлүк. Мейли, силер тарабай эле койгула, жок дегенде айлыгыңардан тышкары жүрүп жаткан баардык жеңилдик, мамлекеттик колдоолордон эмнеге баш тартпай турасыңар? Элге эртең "өлүп берээриңерди" ушундайда далилдесеңер болбойт беле?

Мындан тышкары Кыргызстанда пенсия алып, анан мамлекеттик килтейген жетекчи, депутат болуп олтурган дагы бир топ адамдар бар. Депутат М. Абдылдаев 60 миң сом пенсия алат. ЖКда депутат. Депутаттар И.Масалиев 28, 446 сом , С.Айдаров дегени 16 528 сом пенсия алышат. Эсиңиздерде болсо, мына ушуга окшогон олчойгон пенсия алгандар бир учурда коомчулукта сөз болгон. Ал кез башка учур эле. Азыр таптакыр башка кез. Ошол себеп аларды да атап коелу. Акыйкатчы Токон Мамытов 40 миң сом пенсия алат экен. Айлыгы деле аз болбосо керек. Роза Отунбаева 100 миңге жакын, Феликс Кулов 38 миң сом, Эрнест Акрамов 20 миң сом, Абдыганы Эркебаев 23 миң сом, Ишенгүл Болжурова 16 миң сом, Мамбет Мамакеев 60 миң сом, Зайнидин Курманов 14 миң сом пенсия алышаары ачык болгон. Булардыкындай даражада иштеп, пенсия алгандар бир топ эле болсо керек. Айрыкча сот, прокуратура, аскер тармагында иштегендердики булардыкынан да көп экени айтылып жүрөт. 100 миңге жакын пенсия алган генерал, судьялар бар. Бирок, булардын көпчүлүгү ушул пенсияны карап отуруп калышкандар эмес, алды азыр да иштеп, арты үйүндө олтурса да балакатка жеткирген бизнеси, барандуу балдар кыздары бар. Жетиштүү. Демек, бул жагын да адилеттүүлүк менен абалга байланыштуу карап, мерчелген убакытка кыскарта турууга эмнеге болбосун? Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 5000 менен 6000 миңдин ортосу түзөт. 300 сомго пенсия алгандар да бар экен. Аны башкасы билбесе да, өкмөт башы Абулгазиев жакшы билиши керек эле. Макул, анчалыкка барбайлы, орточо көлөмдү 10 миңге түшүрүп, 1000 сом пенсия алгандарга, жетишпеген үй бүлөлөргө тегиз караштырып берсе, элди сактап калуу, мамлекеттик казына тартыштыгын жабуу, ашыкча чыгашаларды кыскартуу дегендер ушулар эле болот эмеспи.

Азыр бизнести коргоп калуу үчүн мамлекеттик камкордук керек, ал үчүн чыгашаларды кыскартып акча булагын ошол жака жумшоо зарылчылыгы бар экенин айткан депутаттар чыгууда. Уят деле жок экен. Акча эмес, мамлекеттик ыкчам чаралар, жеңилдиктер керек десе да туура болот эле. Бизнесиндеги бирдемелерин коронавирус тартып алса да эмне болуптур...

Сыягы, алар элди эмес, өздөрүнүн керт баштарын ойлоп жатышса керек. Элде жок болсо, эл жок болсо, эл алсырап турса силер бизнесиңерди кайда гүлдөткөнү жатасыңар? Оболу, элди алсыздандыруудан, жакырлантуудан, саламаттыгынын санааркап калышынан сактап калуу керек.

Күнболот Момоконов, "Факты.кж" гезитинин башкы редактору

Булак: NazarNews.kg

Последние новости