www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фарид качан 1 млн сомго жооп берет?

Бийликтин партиясы болгои КСДПнын ичиндеги тиреш, таасир талашуу күн санап ачыкка чыгууда. Мискенбаев деген "Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырат деп мага Фарид Ниязов айткан" деп , азыркы интригалардын башында КСДПнын идеологиясын жүргүзүп жаткан Фарид Ниязов турарын ачыктап, картаны ачып таштаган.

 Асылбектин мандатын тапшыртуу демилгеси менен чагымчылдыктын башында Ниязов өзү турары аныкталган соң, анын ишине ушул аптада өтчү партиянын курултайында партиялаштары тарабынан маселе көтөрүлөбү? Мындан сырткары Кытайдын компартиясы грант катары КСДПга берген бир миллион сомду Жогорку Кеңештин депутаты, болгондо дагы КСДПнын кадыры үчүн күйгөн Рыскелди Момбеков айтып “Акчага партиянын жетекчиси жооп берсин" деп жопту Ниязов айтаарын айтты.  

Буга Фарид Ниязов эки ача сөз сүйлөп"бул акчаны партия эмес, Жгорку Кеңештеги фракция аркылуу алынган" деп кутулгансыды. Анын бул калпын парламенттин басма сөз кызматы Кытайдан андай акча албаганын айтып чыгарса, КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров дагы Жогорку Кеңешке андай акча келбегенин ырастады.

Көпчүлүктү кызыктырып жаткан КСДП курултайында бул маселелерге Фарид Ниязов жооп бербесе, партиялаштары ачык эле бетке түкүрө турганы анык. Атамбаевдин лидер болуп кайра саясатка активдүү кайта турган жыйыны Ниязовго берилчү суроолор менен чоң чырга айланбаса эле болду.

Булак: Жаңы “ОРДО”

Последние новости