www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоумэн жана тамада Бакыт Байсариевдин жеке жашоосу тууралуу акыркы күндөрү чуулу кептер айтылып келген. Алардын бирине Бакыт комментарий берсе, бирде бербей жашырып келген.

Бул кептердин баардыгына чекит коюу үчүн шоумэн экинчи жубайы Алия Асаналиева менен мыйзамдуу түрдө ажырашканын жар салды. Түгөйлөр 2015-жылы таанышып, дал ошол убакыттан тарта мамиле түзүп, 2016-жылы баш кошушкан. 

Былтыркы жылы эле Айчолпон аттуу кыздуу болгон соң, борборубуздагы ресторандардын биринде дүркүрөтө үлпөт тоюн өткөргөн түгөйлөрдүн эки ажырым жолго түшүшкөндөрүнө көп убакыт боло элек.

Экинчи жубайын ачыкка чыгарып, анын башкалардан өзгөчө айым экенин баса белгилеген шоумэн: "Жашоодо биз күтпөгөн нерселер орун алат экен. Алия менен ажыраштым. Бул кадамды жасабасам да болмок эмес" деп билдирди. 

Эскерте кетсек, шоумэндин биринчи никесинен бир уул-кызы бар. Ал балдарын учурда жубайы Наргиза жалгыз өстүрүүдө.

Маржан Назарбаева,

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости