www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-февралдагы Коопсуздук Кеңештин жыйынынан кийин жарандык коом Сооронбай Жээнбековго көп үмүт артып, коррупцияга, сот адилетсиздигине каршы күрөштө ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирип жаткан.

Жарандык коом Сооронбай Жээнбеков Атамбаев доорундагы адилетсиздиктерди жоет, мурунку президентке жакын коррупционерлерди кызматтан алып, жазасын берет деп үмүттөнүп жаткан.

Мына ушундай үмүттөрдү жарандык коом өкүлдөрү 2-мартта тегерек стол жыйында, 5-мартта Бишкекте митингде айтышты, билдиришти.

Бирок ал үмүттөр үмүт гана экени, Жээнбеков Атамбаев сызыгынан чыкпасы  бир күн өтпөй, 6-мартта аныкталды. Бул күнү Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен жолугушуп, бир жагынан 100 күндүк президенттигинин жыйынтыгын чыгарды, экинчи жагынан айым журналисттерди 8-март майрамы менен куттуктады.

Мына ошол жолугушууда Жээнбековдун саясаты, Атамбаев менен мамилеси, өкмөт менен кызматташуусу кандай болоору  аныкталды.

Жарандык коомдун адилеттүүлүк издеген, саясий себептерден улам камалган саясатчыларды бошотуу үмүттөрүнө Жээнбековдун жообу мындай болду:

-Менин милдетим саясий топтордун кызыкчылыгын канааттандыруу эмес. Эл алдындагы убадаларымды аткаруу.

-8-февралда Коопсуздук Кеңешинде сотторго байланыштуу сөзүм саясий фигуранттарга арналган эмес…

Жээнбековдун шайлоодо эл алдында берген убадаларына келгенде алардын баары экономикага байланыштуу экенин билебиз. Маселен, ал ипотеканы 6-7% түшүрүүнү, экономиканы 6-10% өстүрүүгө жетишүүнү, үй курууну күчөтүүнү, 5 жылда ар бир айылды таза суу менен камсыздоону, пенсия, айлык акыларды көтөрүүнү, мугалимдердин айлыгын эң жогорку категорияга жеткирүүнү убадалаган. Булардын баары экономикага байланыштуу маселелер.  6-мартта болсо Жээнбеков мен экономикага аралашпаймын, ал өкмөттүн иши, мен өкмөткө кемчиликтерди айтам, ошол менен жардамым, ошол менин милдетим деди. Мындай болгондо шайлоо алдындагы убадаларды ким аткарат?

6-мартта айтылгандарга караганда, Жээнбеков Атамбаев менен акылдашып, кеңешип турат. Иниси Асылбек Жээнбеков менен биргеликте жаңы саясий партия түзбөйт. КСДПда кала беришет. Демек, Атамбаев менен Жээнбековдун атаандашуусунан, эски менен жаңынын күрөшүнөн прогресс пайда болот деген үмүттөр да жаңылыштык.

6-мартта Жээнбеков журналисттер менен жолугушкан күнү Фарид Ниязов президенттик аппарат башчылыгынан биротоло кеткени маалым болду. Жээнбеков бул орун бош болбойт, аны жанымдагылардын бири ээлейт деди. Бул талашсыз. Бирөө бул кызматка келет.

Ал эми Фарид Ниязов Атамбаев менен биргеликте КСДПны бекемдөөгө киришет экен. Бул жагдай мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болуш ыктымалдыгын ого бетер күчөтөт.

Президент Жээнбековдун сөзү да бул багытта кыймыл болоорун бекемдегендей болду. Ал парламенттик башкарууну бекемдейбиз деди.

Атамбаев жана Сапар Исаков толук парламенттик башкарууга өтүүнү жактаган. Демек, бул иш тездеши мүмкүн. Тездетүүнүн жолу мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү жана конституцияга тийиштүү өзгөртүү киргизүү, деп жазат http://elnews.media.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости