www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбековдун аппаратын жетектегенине үч ай жаңы гана толо баштаганда, Алмазбек Атамабаевдин "эрке талтаңы" Фарид Ниязов кызматынан өз калоосу менен кетти. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак буга чейин ал, “мен аппаратка жетекчи бол деп шеф айтты” деп, мурдагы аппарат жетекчиси менен чарс-чурс боло кеткендигин уккан элек. “Но норма” дегендей жаңы аташкабыздын аппаратына жетекчи болуп келгени келди. Тилекке каршы Фарид мырзанын мамлекеттик кызматты ары-бери калчап, "мен кетем" деп ойной бергени коомчулук арасында жакшы пикир калтырбады. Эми кете берсин саясатка келип эмне кызмат кылып берди...
Койчу деги кыскасы Фарид Ниязов президенттик аппараттан “бай-бай” кылды. Эмнеге? Баарына кызык болду... Өзү Фарид мырза бир ордунда эки жылдан ашык убакыт иштебейт, жини келип калса кетип деле кала берет да. Чындыгында Фарид байке негизи бийликте турганда “даң-даң” эткен мыкты саясатчы экенин көрсөтө алган деле жок. Оо-о “шеп” бирок анча-мынча байлардын катарына кирет ...
“За то” Ф.Ниязовдун толтурган декларациясына караганда калктын катарында болгону 40 гектарга жакын жер тилкеси бар имиш. Кыймылдуу мүлктөрүнөн 1984-жылы чыгарылган "Audi-80 Quattro" автоунаасы ЛТЗ-60А трактору катталган.
Кыскасы көп нерселери бар, бирөөлөрдүн байлыгына суктанганга акыбыз жок. Аны "бизи" жок эле Өмүрбек Текебаев жар салганын баары билет.
Фарид Ниязов кандай бактылуу инсан ээ...Кааласа кызматка келет, кааласа кызматтан кетет. Урматтуу Ак үйдөгүлөр Фарид мырзаны таарынтпагылачы...Дагы бир кызматка келсинчи...
Булак: NazarNews.kg