www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 14-февраль күнү Бишкек шаарында жайгашкан мечиттердин биринен белгисиз жаран жабырлануучунун курткасынан “Айфон 5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен Ленин РИИБне кайрылган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ушундай эле арыз менен Бишкек шаарынын эки тургуну кайрылып, ууруларга карата чара көрүүлөрүн сурнышкан. Арыздарында жабырлануучулар 2500 жана 2200 сом акчаларын уурдап кеткенин көрсөткөн.

Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштери жүрүп, жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары 1983-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жаран ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенүүдө.

Ал эми, шектүү Бишкек шаарында жайгашкан № 1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат деп билдирет Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости