www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуяны Көлдүн Тоң районуна караштуу кайсы бир айылында жашаган Сатаркул деген байке айтып берген болучу. Байке жетимиш жаштан ашкан, көп нерсени көрүп калган салабаттуу сөз баккан адам. Эмесе сөз башынан болсун.
Менин чоң атам айтып калчу “деги эле жума күнү көчпөш керек, орун которуп” бул эми кээ бир адамдар үчүн ишенбей турган жорук, бирок болгону чын-деп сөзүн баштады.
Тээ илгери биздин бир чоң аталар атасы айтса болбой жума күнү жаздоого көчүп барган экен. Негизи эле жашоодо атанын тилин алып койгондун өзү туура. Деги эле атанын эле эмес улуу кишилердин тилин алган жакшы сапат. Анын себеби, улуу кишилер эч качан жаман болсун үчүн айтпайт эмеспи.
Айткандай тиги чоң аталарыбыз жума күнү атасы кан какшап айтса тилин албай аялы экөө капчыгайдын ичине көчүп келип боз үйүн тигип, малын ыктап үңкүргө киргизишет. Ошол күнү кечке маал аба-ырайы бузулуп келе жатканда эле чоң атабыз бекер көчүп келгенин билип, ичинен өкүнүп алат да, анан өз иши менен алек болуп кетет. Анан эле аз убакыт өтпөй майда жааган жаан нөшөрлөгөн жамгырга айланып, чагылган чартылдап, күн-күркүрөп жаман жоруктун болорунан белги берет. Аңгыча эле түндүк жактан чагылгандын жарык нуру боз үйдүн ичине түндүктөн кирип, үчтөгү баласын алып олтурган чоң атамдын аялына анан баласына тийет. Аңгыча эле дароо үй ичин түтүн каптап боз үй өрттөнө баштайт. Чоң атабыз эптеп жанын алып калыш үчүн бешикте бөлөнүп жаткан баласын сыртка алып араң чыгат. Ушунчалык аз убакыттын ичинде ойго келбеген окуя болуп өтөт. Качан гана жамгыр басаңдаганда гана чоң атам эсине келип жүз метрдей ылдый жакта жашаган кошунасынын үйүнө келет. Албетте жаман кабарды уккан кошунасы колдон келген жардамын берет.
Болуп өткөн окуяны укканда чоң атамдын атасы ушундай иш болорун алдын ала билгенин айткан экен. Көрсө жума күнү конуш которгон болбосун илгери эле ата-бабалар билгенин жашырууга болбойт. Анткени оор күн деп коюшат эмеспи. Бул ырымды керек болсо медиктер дагы колдонушат. Жума күндөн башка күнү алар илдетке операция жасап, жума күнү “оор күн” деп операцияны башка күнгө алмаштырып келгенине турмуш өзү күбө. Ооба, биз эмне болгон күндө дагы аз болсо дагы ырым-жырымга ишенип койгонубуз туура. Анткени тээ илгертен улуу эл болгон ата-бабаларыбыз жөн жерден ырым – жырымды колдонушкан эмес чыгар. Андыктан башка улуттун ырымына эмес, өз элибиздин жасаган ырымдарынан алыстабай колдоно жүргөндүн өзү жашоодо зыяны тийбейт. Ооба, эгер журт которуп көчө турган болсоңуздар жума күндөн башка күнү көчкөнүңөр туура экенин эсиңерге салабыз.
Бердикожо Бийназаров
Булак: "Шамбала"