www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-декабарда Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы боюнча ишти карамак. Бирок, аны башка күнгө жылдырды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.
Анын айтымында, аны тергөө абагынан сотко алып келишпегендиктен улам отурум 28-декабрга которулган.
Жактоочулар шаардык сотко райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Ниязовду үй камагына бошотууну өтүнүп кайрылышкан.
Эскерте кетсек, быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн шектүү катары кармалган Ниязовду Биринчи Май райондук соту тергөө абагына камап, мындай бөгөт чарасынын мөөнөтүн 10-февралга чейин узарткан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg