www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов өзүнүн Facebook социалдык баракчасы аркылуу өлкөдөгү акыркы окуялар жана өзгөрүүлөр тууралуу өзүнүн ой-пикири менен бөлүштү.

“Президенттин милдетин аткаруучунун кайрылуусун окудум. Мындайча айтканда эми ал үмүттөндүрөт. Мындан тышкары, айтылгандардын айрымдары конкреттүү”

“Мисалы, жакынкы аралыкта Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кетишине чекит коюу. Ушундай кепилдиктерден кийин, эл тиешелүү органдар иликтеп, эч кандай мыйзам бузууну таппаган чечимди эмес, чуулгандуу камакка алууларды, кылмыш ишинин ачылышын жана уурдалган суммалардын кайтарылып берилишин күтүүгө укуктуу.

Мен буга чейин атайын Реформа борборун түзүү боюнча сунуштарымды жазып, билдиргем. Ушундай орган түзүлө тургандыгын окуп, чынымды айтканда, мен аны кубануу менен кабыл алдым. Эң башкысы компетенттүү, өжөр, дымактуу, сөздүн жакшы маанисинде стандарттуу эмес ой жүгүртүүсү бар адистер келиши керек.

Алдыга коюлган көптөгөн тапшырмалар боюнча менин жана менин соратнктеримде конкреттүү сунушта бар. Бирок бул жөнүндө кийинчерээк сөз кылабыз” – деп жазган Феликс Кулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости