www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташыган 20га жакын компания ай сайын белгисиз адамдарга 1 млн сомдон 5 млн сомго чейин акча берип турушкан. Бул тууралуу кечээ, 16-октябрда УКМКдагы маалымат жыйында Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал учурда коррупциялык схемалар тууралуу маалыматтар түшүп жатканын айтып, алардын бирөөсүн мисал келтирди.
«20 компания 5 млн сомдон төлөп келишкен, бул бир айда 100 млн сом. Алар акчаны белгисиз адамдарга накталай берип турушкан. Эмы мындай болбойт. Эч ким ашыкча акча, пара бербейт», - деди Ташиев.
Ал компанияларга коррупция тууралуу айтып турууга чакырды.
«Коррупция тууралуу ар бир учур боюнча иштейбиз. Же коррупционерлер жеңет, же биз аларды жеңебиз. Коррупциялык коом болбойт», - деди Ташиев.
Булак: NazarNews.kg