www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Феликс Кулов кримтөбөл Камчы Көлбаев кайсы берененин негизинде кармалганына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Мындай пикирин ал журналисттеге билдирди.

Анын айтымында, ал берене боюнча шектүүнү камабай койсо да болот. Себеби ал жерде маанилүү бир эскертүү бар.

Ал Жазык кодексинин 249-беренесинде төмөндөгүдөй айтылат:

Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу уюмду түзүү, ошого тете мындай уюмду же ага кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектөө, ошого тете оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, – V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Кылмыштуу уюмга катышуу, – IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда, же болбосо ага кирген түзүмдөрү жетектөөдө же ага катышууда, ошондой эле уюшулган топтордун уюштуруучуларын, жетекчилерин же башка өкүлдөрүн бирикмелерин түзүүдө адамдардын бетин ачкан маалыматтарды кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

“Бул боюнча күнөөнү далилдөө үчүн, бул уюмду түзгөн, аны жетектеген адамга каршы көрсөтмөлөр болушу керек. Мүмкүн ыкчам маалыматтар бар, бирок эң көрсөтмө керек, аларды табуу эң кыйын нерсе. Бул жерде тергөөчүлөр жакшы иштеши керек”, – деди ал.

Кулов эгерде адам ушул берене боюнча күнөөсүн мойнуна алса, анда оңдоолор иштебей турганын кошумчалады.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости